Гаитинин борбор шаары Порт-о-Пренсте бандалар аралык кагылышуу болду
Калыгышууда 20 киши каза болуп, 24 киши жаракат алды.
Гаитинин борбору Порт-о-Пренсте 24-апрелден бери бандалардын ортосундагы кагылышуулардан 20 киши каза болуп, 24 киши жаракат алды.
Гаитинин Жарандык коргонуу агенттиги 24-апрелде борбордун 4 аймагында бандалардын ортосунда кагылышуу башталганын билдирди.
Мекеме зордук-зомбулуктардын жана каза болгондордун саны көбөйүшү мүмкүн экендигин эскертип, саясатчыларды коомдук тартипти сактоого чакырды.
Бандалардын ортосундагы бийлик талашында 12 үй өрттөлүп, аймактагы миңдеген адамдар үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан.
7-июлда Гаитинин президенти Жовенел Моиз өлтүрүлгөндөн кийин өлкөдө бандалардын ортосунда бийлик үчүн күрөш күчөдү.
Зордук-зомбулук толкуну уланып жаткан борбор шаардын 4 аймагындагы жумуш орундары жана мектептер убактылуу жабылып, эл коопсуздукту сактоо үчүн мэриянын алдына митингге чыкты.