Эл аралык кылмыш соту : "Россия билдирүүлөрүбүзгө жооп берген жок"

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин “арриа формуласы” деп аталган расмий эмес  сессиясы Франция жана Албаниянын өтүнүчү менен Украинада жасалган кылмыштарды кароо үчүн өткөрүлдү.

1819826
Эл аралык кылмыш соту : "Россия билдирүүлөрүбүзгө жооп берген жок"

Эл аралык кылмыш сотунун (ЭКС) башкы прокурору Карим Хандын айтымында, Россия Украинадагы согуштук кылмыштар тууралуу билдирүүлөргө жооп берген жок.

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин “арриа формуласы” деп аталган расмий эмес  сессиясы Франция жана Албаниянын өтүнүчү менен Украинада жасалган кылмыштарды кароо үчүн өткөрүлдү.

Сессияда сөз сүйлөгөн Эл аралык кылмыш сотунун башкы прокурору Карим Хан 43 өлкөнүн Украинадагы согуш кылмыштары боюнча айыптоолорду Эл аралык кылмыш сотуна тапшырганын билдирди.

Хан : «Россияга 3 жолу билдирүү жибердим бирок жооп келген жок. Биздин чындыкка жетүүдөн башка саясий күн тартибибиз жок»,- деди.

Борбор шаар Киевге жакын Буча шаарын оурс күчтөрүнүн 1 -  апрелде бошоткон Украина армиясы имараттар кыйраган, көчөлөр сөөктөр менен толгон шаар менен беттешкен. Киев жакындарында бошотлуган калктуу конуштардан 410 жарандын сөөгү табылган.

 



Тектеш кабарлар