Орусия-Украина согушунан кийин буудайдын баасы өстү

Африка өнүктүрүү банкынын төрагасы Акинвуми Адесина билдирүү жасады.

1818813
Орусия-Украина согушунан кийин буудайдын баасы өстү

Африка өнүктүрүү банкынын (AfDB) төрагасы Акинвуми Адесина, Орусия-Украина согушунан кийин Африкада буудай баасынын 60 пайызга өскөнүн билдирди.

Лагостогу "The Guardian" гезитинин кабарына караганда Адесина, Нигериянын президенти Мухаммед Бухари менен жолуккандан кийин континенттеги азык-түлүк кризисинин алдын алуу үчүн Африка өнүктүрүү банкынын 1,5 миллиард долларлык чукул азык-түлүк планын иштеп чыкканын жарыялады. Пландын башкаруу кеңешинин бекитүүсүн күтүп жатканын белгилеген Адесина, Африка өнүктүрүү банкынын континенттеги дыйкандарга буудай, жүгөрү, күрүч жана соя эгүүгө жардам берерин айтты.

24-февралдан бери уланып жаткан согуштун буудайдын баасынын 60 пайыз жогорулашына себеп болгонун белгилеген Адесина, кризистин азык-түлүк өндүрүшүн 20 пайызга кыскартышы мүмкүн экенин, 11 миллиард долларлык азык-түлүк өндүрүшүнүн жоготуусу болушу мүмкүн экенин билдирди.

Учурда континенттин 25 өлкөсү импорттогон буудайдын үчтөн биринен көбүн ушул эки өлкөдөн камсыздаса, кээ бир өлкөлөрдө көз карандылык көрсөткүчү 90 пайыздан ашууда.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Соода жана Өнүгүү Конференциясы (UNCTAD) тарабынан жарыяланган отчетко караганда, континентте Орусия жана Украина буудайына көз каранды болгон көптөгөн өлкөлөр азык-түлүк кризиси менен бетме-бет келишти. 



Тектеш кабарлар