Израиль аскерлери бир палестиналыкты өлтүрүштү

Израиль аскерлеринин оккупациясындагы Батыш Шерианын түндүгүндө жүргүзүлгөн тинтүүлөрдө бир палстиналык каза болуп, 3 киши жаракат алды.

1819079
Израиль  аскерлери бир палестиналыкты өлтүрүштү

Израиль аскерлеринин оккупациясындагы Батыш Шерианын түндүгүндө жүргүзүлгөн тинтүүлөрдө бир палстиналык каза болуп, 3 киши жаракат алды.

Палестинанын расмий агенттиги WAFAнын кабарына караганда Израиль армиясы эрте мененки сааттарда Батыш Шерианын түндүгүндөгү Женинде качкындар лагери жана жакындардагы аймактарда тинтүү жүргүздү.

Тинтүүдө Буркин аймагынан 21 жаштагы палестиналык Ахмед Мухаммед башына келип тийген октон каза болду, 3 киши да чыныгы ок менен жараланды.

Израиль армиясы болсо Женинде жасалган тинтүүлөрдө куралдуу кагылышуунун болгондугун жана 12 кишинин камакка алынгандыгын билдирди.

Израиль полициясы оккупациядагы Чыгыш Кудста экөөсү бала болгон алты палестиналыкты камакка алды.

Палестинанын расмий агенттигинин кабарына караганда Израил полициясы Кудстун Эски Шаарында 2сү бала болгон 5 палестиналыкты, Исевийе аймагында да үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн бир жаш палестиналыкты камакка алды.

Месжид  -  и Аксанын Сахире капкасына жакын жердеги палестиналыктарга да Израиль полициясы тарабынан кийлигишүү болду.

Бир тараптан оккупациядагы Батыш Шерианын Кейсан айылында бир палестиналык еврей отурукташуучулардын кол салуусунда жараланды.

Ел Халилде да бир палестиналык еврей отурукташуучулар тарабынан ур  - токмокко алынды.

Израиль армиясынын коргоосу астындагы еврей отурукташуучулар Наблуста палестиналыктардын үйлөрүнө кол салды.



Тектеш кабарлар