Ирак Күрт аймактык башкаруусу ПККнын "коркунучтуу планынын" жок кылынгандыгын билдирди

IKBYнын Коопсуздук Кеңеши билдирүүнү расмий фейсбук баракчасынан жарыялаган видео менен бөлүштү.

1818732
Ирак Күрт аймактык башкаруусу ПККнын "коркунучтуу планынын" жок кылынгандыгын билдирди

Ирак Күрт аймактык башкаруусу IKBYнын Коопсуздук Кеңеши ПКК террордук уюммунун  Ирак Күрт аймактык башкаруусуна каршы "коркунучтуу бир планынын" жок кылынгандыгын, көп сандаган аскердик жана жарылуучу заттардын колго түшүрүлгөндүгүн билдирди. 

IKBYнын Коопсуздук Кеңеши билдирүүнү расмий фейсбук баракчасынан жарыялаган видео менен бөлүштү. 

Жикчил террордук уюмга карата операцияда бир тонна жарылуучу, 10 даана танкка каршы ракета,  23 согуштук типтеги учкучсуз учуучу аппараттын мотору, 1200 противогаз жана 375 АК-47 журналынын колго түшүрүлгөнү белгиленди.

Билдиоүүдө : "Шектүү Й. А. К. Сны тергөөдө  колго түшүрүлгөн бардык жарылуучуларды жана аскердик жабдыктарды IKBYда  колдонуу жана ПККга тапшыруу үчүн Р.Х аттуу ЙПГнын аскердик лидеринен алгандыгы ортого чыкты",- деп маалымдалды. 

 

 

 



Тектеш кабарлар