Евробиримдик Орусияны шантаж кылууда деп айыптады

Урсула фон дер Ляйен Орусиянын энергетикалык компаниясы Газпромдун кээ бир Евробиримдикке мүчө өлкөлөргө жаратылыш газ агымын токтотушунан кийин билдирүү жасады.

1819136
Евробиримдик Орусияны шантаж кылууда деп айыптады

Европа Биримдиги (ЕБ) Орусиянын Польша менен Болгарияга жаратылыш газын берүүнү токтотуусун шантаж катары сыпаттады жана муну «негизсиз жана кабыл алынгыс» деп тапты.

Европа Биримдиги комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен, Орусиянын энергетикалык компаниясы Газпромдун кээ бир Евробиримдикке мүчө өлкөлөргө жаратылыш газ агымын токтотушунан кийин билдирүү жасады.

Газпромдун Европадагы кардарларына газ берүүнү бир тараптуу токтотконуна көңүл бурган фон дер Ляйен, мунун Орусиянын жаратылыш газын шантаж куралы катары колдонуу аракети экенин айтты.

Фон дер Ляйен Орусиянын ишенимсиз жаратылыш газ берүүчү экенин дагы бир жолу далилдегенин белгилеп: «Биз бул сценарийге даярбыз»,-деди.

Евробиримдик өлкөлөрүнүн мындай сценарий үчүн өзгөчө кырдаал пландарын да түзгөнүн түшүндүргөн Комиссиянын төрайымы, ушул алкакта газ координациялык жыйыны өткөрүлгөнүн билдирди.



Тектеш кабарлар