Дүйнөлүк банктан Шри-Ланкага жардам

Шри-Ланканын 1948-жылдан берки эң жаман экономикалык кризис менен күрөшүп жатканы айтылууда.

1819076
Дүйнөлүк банктан Шри-Ланкага жардам

Шри-Ланкадагы экономикалык кризиске нааразы болгон демонстранттар премьер-министр Махинда Ражапаксанын кеңсесинин алдына чогулушту.

The Week басылмасынын билдирүүсүнө караганда, нааразылык акциясын премьер-министр Ражапаксанын кеңсесинин алдында өткөргөн демонстранттар Ражапаксанын кызматтан кетүүсүн талап кылышты.

Ражапакса 13-апрелде нааразылык акциясынын катышуучуларын өлкөдөгү көйгөйлөрдү чечүү боюнча сунуштарды угууга чакырган эле. 

Ал арада Шри-Ланка негизги импорт муктаждыктарын канааттандыруу үчүн Дүйнөлүк банктан 600 миллион долларлык жардам ала турганын жарыялады.

Al Jazeera кабарына караганда, Шри-Ланка Президенттигинин басма сөз департаментинин билдирүүсүндө: «Дүйнөлүк банк азыркы экономикалык каатчылык менен күрөшүү үчүн 600 миллион доллар каржылык жардам көрсөтүүгө макул болду»,- деп маалымдалды.

Билдирүүдө 400 миллион долларлык жардамдын «кыска убакытта» берилери жана Дүйнөлүк банктын өлкөдөгү экономикалык кризистен чыгуу үчүн жардамын уланта турганы белгиленди.

Шри-Ланканын каржы министри Али Сабри Азия өнүктүрүү банкынан да жардам сурайт.

Экономикалык кризистин чордонундагы Шри-Ланка 12-апрелде дефолтко кабылганын жарыялаган.

Түштүк Азиядагы 21 миллион калкы бар арал өлкөсү болгон Шри-Ланканын 1948-жылдан берки эң жаман экономикалык кризис менен күрөшүп жатканы айтылууда.



Тектеш кабарлар