Донбасста Орусия-Украина согушу күчөдү

Орус армиясы согуштун 63-күнүндө чабуулун улантууда.

1819231
Донбасста Орусия-Украина согушу күчөдү

Орусия-Украина согушу күчөгөн Донбасста кол салуулар көбөйүп, кээ бир калктуу конуштар көзөмөлгө алынды.

Украиналык жетекчилердин жана расмий уюмдардын билдирүүлөрүнөн алынган маалыматка караганда, орус армиясы согуштун 63-күнүндө өлкөнүн чыгышына чабуулун күчөттү.

Украинанын Башкы штабынын билдирүүсүнө караганда, Харьков аймагында көп сандагы персонал менен кол салууларды жасаган орустар Изюм шаарындагы эки отурукташуу жерин ээледи. Донбасста болсо Порт жана Северодонецк облустарындагы бирден айыл орустардын көзөмөлүнө өттү.

Бир тараптан украин аскерлери орус армиясынын Николайев аймагындагы кол салууларына бөгөт коюп, 3 отурукташуу жерин кайрадан көзөмөлгө алды. Херсон облусунда да 3 айыл украин аскерлери тарабынан куткарылды.

Луганск губернатору Сергей Гайдай, Горская конушунун град ракеталары менен аткыланганын, көптөгөн үйлөр кыйраганын жана жабыркаганын билдирди.

Сергей Гайдай Госрскаядагы трансформатордук борборго да сокку урулганын, биринчи аныктамалар боюнча кол салууларда бир жарандын каза болгонун айтты.

Ошондой эле Лисичанскиде 23 жаран жашынган мектептин орустар тарабынан аткыланганын, эч кандай адам өмүрү кыйылбаганын, Приволье аймагындагы кол салууда 1 жарандын каза болгонун белгиледи.

Донецктин губернатору Павел Кириленко орустардын Авдийевка шаарына ак фосфор бомбасын атканын билдирди.

Украин аскерлери каршылыгын уланткан Мариуполдогу Азовсталь металлургиялык заводу да түн ичинде бомбаланды.

Украинанын Президенттик аппаратынын жетекчисинин орун басары Михаил Подоляк Твиттердеги баракчасынан: «Согуштун башталышында Орусиянын таң калыштуу талаптарынын бири Украинаны толугу менен аскерлерден тазалоо эле. Кечээ (АКШнын Германиядагы Рамштейн НАТО абадан коргонуу базасы) 40 коргоо министринин катышуусундагы маанилүү жыйындан кийин Орусия үчүн жаман кабарым бар. (Украинага жөнөтүлгөн куралдардын) Көлөмү, ылдамдыгы жана диапазону көбөйөт, логистика жөнөкөйлөтүлөт. Ушундайча Украина күчтөнөт»,-деп билдирди. 



Тектеш кабарлар