БУУ вето укугун колдонгон өлкөлөрдү "такалай турган" чечимди кабыл алды

Вето коюлса БУУнун Башкы ассамблеясы 10 күндүн ичинде чогулат жана вето коюлган маселени талкуулап, вето укугун колдонгон өлкөгө өзүн коргоону сурай алат.

1818703
БУУ вето укугун колдонгон өлкөлөрдү "такалай турган" чечимди кабыл алды

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясы БУУнун Коопсуздук Кеңешинде вето укугуна ээ болгон 5 өлкөнүн бирөөсүнүн бул укугунан пайдаланса билдирүү жасоосун талап кылган резолюцияны кабыл алды.

Түркия дагы баяндамачысы болгон 80ден ашуун өлкө, глобалдык тынчтыктын гаранты болушу күтүлүп жатканда вето укугун колдонуу менен БУУнун Коопсуздук Кеңешин көп учурда иштебей калгыдай абалга алып келген 5 туруктуу мүчө Америка Кошмо Штаттары (АКШ), Кытай, Орусия, Англия жана Франциянын вето укугун колдонуусунда "жооп берүүсүн" талап кылган чечимди БУУнун 193 мүчөсү бар Башкы ассамблеяга алып келди.

БУУнун Коопсуздук Кеңешинде вето укугуна ээ болгон 5 өлкөнүн бирөөсүнүн бул укугунан пайдаланса билдирүү жасоосун талап кылган резолюция БУУнун Башкы ассамблеясында кабыл алынды.

Резолюцияга ылайык, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөсү кайсы бир резолюцияга вето койгондо БУУнун Башкы ассамблеясы 10 күндүн ичинде чогулат жана вето коюлган маселени талкуулап, вето укугун колдонгон өлкөгө өзүн коргоону сурай алат.

БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрүнүн вето укугун азайтуу үчүн көптөн бери талкууланган бул маселе 24-февралда Орусиянын Украинага карата баштаган согушунан кийин кайрадан күн тартибине чыкты.

15 мүчөдөн турган БУУнун Коопсуздук Кеңеши глобалдык тынчтыктын гаранты болоору күтүлгөн туруктуу 5 мүчөсү вето укугун маал-маалы менен өз кызыкчылыктары үчүн колдонушкандыктан акыркы жылдарда бүдөмүккө кабылып өз милдетин аткара албай калды.



Тектеш кабарлар