Болгариянын премьер-министри бир айлык маянасын Украинага берди

Петков: «Украинага чындап жардам бергиси келген ар бир болгар жаранын мага окшоп айлыгын кайрымдуулук кылууга чакырам»

1818173
Болгариянын премьер-министри бир айлык маянасын Украинага берди

Болгариянын премьер-министри Кирил Петков өлкөдө "Украинага курал-жарак берүү" боюнча талкуулар уланып жатканда, бир айлык маянасын бул өлкөгө "курал сатып алуу максатында" бергенин жарыялады.

Петков социалдык тармактагы билдирүүсүндө: «Украинага курал-жарак жардамын берүү саясий жана коомдук чечимдин бирдиктүүлүгүнөн көз каранды. Бул маселе боюнча коомчулукта экстремалдык көз караштар болуп жатат. Эми бул энергияны реалдуу иш-аракеттерге айландыруу керек»,-деди.

Украинага курал жөнөткөн көптөгөн Европа өлкөлөрүнүн атын атаган Петков, Болгариядагы кээ бир кооптонуулардын тескерисинче Орусиянын бул өлкөлөргө согуш ачпаганын баса белгиледи.

Кирил Петков: «Украинага чындап жардам бергиси келген ар бир болгар жаранын мага окшоп айлыгын кайрымдуулук кылууга чакырам. Айтып коюу оңой, иш кылуу кыйын. Социалдык тармактардагы тайманбас билдирүүлөр эми Украинага чыныгы колдоого айланышы керек»,-деп билдирди.

Петков ошондой эле кайрымдуулуктун банктык квитанциясын да бөлүштү.

Ал арада Болгария өкмөтүн түзгөн 4 саясий күчтүн лидерлери Украинага курал жардамын жөнөтүү боюнча макулдашууга жетишүү үчүн жыйын өткөрүшөт.

Петков эртең Украинанын борбор шаары Киевге барар алдында коалициянын биримдиги үчүн орчундуу абалга келген бул темада коалиция өнөктөштөрүнүн өкүлдөрү менен бир пикирге келүүнү каалаганын маалымдады. 



Тектеш кабарлар