Орусиядан Украинадагы аскердик кыймылдары тууралуу билдирүү

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков өз билдирүүсүндө орус аскер бөлүктөрүнүн Украинадагы согуштагы аракеттери тууралуу маалымат берди.

1817581
Орусиядан Украинадагы аскердик кыймылдары тууралуу билдирүү

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков Украинанын Херсон облусунда “Панцир-С» ракеталык комплекси менен Украинага таандык «Точка-У» тактикалык ракетасы абадан аткыланганын билдирди.

Конашенков өз билдирүүсүндө орус аскер бөлүктөрүнүн Украинадагы согуштагы аракеттери тууралуу маалымат берди.

Украина буталарына каршы жогорку тактыктагы куралдарды колдонууну уланткандарын белгилеген Конашенков: «Биз Кременчук шаарынын түндүк четинде жайгашкан мунай иштетүүчү заводдун күйүүчү май өндүрүүчү жайларына жана украин аскерлеринин аскердик-техникалык машиналарын күйүүчү май менен камсыз кылуучу кампага алыс аралыкка атуучу жогорку тактыктагы курал менен сокку урдук»,-деп айтты.

Харьков аймагында түн ичинде абадан атылган жогорку тактыктагы ракеталар менен Украинанын 6 аскерий элементин жок кылгандарын белгилеген Конашенков, орус абадан операциялык тактикалык бөлүктөрдүн 56 аскердик объектти жок кылганын белгиледи.

Конашенков түн ичинде ракеталык бөлүктөрдүн Украинадагы 19 жана артиллериялык бөлүктөрдүн 967 аскерий жерди аткылаганын билдирди.

Орус абадан коргонуу системасынын Харьков жана Херсон аймактарында Украинанын 13 учкучсуз учуучу аппаратын (УУА) атып түшүргөнүн белгилеген Конашенков, Херсон областында абада Панцир-С ракета системасы менен Украинанын Точка-У тактикалык ракетасы жана көп баррелдик ракета аткычтан учурулган 18 ракетанын аткыланганын билдирди.

Орус басма сөз катчысы,«(Согуш башталган 24-февралдан тартып) Бүгүнкү күнгө чейин Украин армиясына таандык 141 учак, 110 тик учак, 566 УУА, 265 абадан коргонуу ракеталык системасы, 2526 танк жана бронетехника, 283 көп стволдуу ракета аткычтар, 1096 гаубицалар жана минометтор, 2326 атайын аскердик унаа жок кылынды»,деген билдирүү жасады.



Тектеш кабарлар