Ляйен орусиялык отунга көз карандылыкты кыскартууга чакырды

The Indian Express гезитинин кабарына караганда, фон дер Ляйен Индиянын эл аралык демилгелеринин бири болгон Эл аралык Күн энергиясы альянсынын алкагында борбор шаар Нью-Делиде өткөрүлгөн жыйынга катышты.

1817729
Ляйен орусиялык отунга көз карандылыкты кыскартууга чакырды

Европа Биримдиги (ЕБ) комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Орусиянын күйүүчү майына болгон көз карандылык туруктуу эмес экенин билдирди.

The Indian Express гезитинин кабарына караганда, фон дер Ляйен Индиянын эл аралык демилгелеринин бири болгон Эл аралык Күн энергиясы альянсынын алкагында борбор шаар Нью-Делиде өткөрүлгөн жыйынга катышты.

Фон дер Ляйен бул жерде сүйлөгөн сөзүндө: «Украинадагы согуш Орусиянын күйүүчү майына көз карандылыктын туруктуу эмес экенин Европага катуу эскертти»,-деп айтты.

Фон дер Ляйен, өлкөдө өндүрүлгөн кайра жаралуучу энергияга өтүүнүн экология үчүн да жакшы жана стратегиялык коопсуздук инвестициясы экенин белгилеп, энергетика саясатынын да коопсуздук саясаты экенине көңүлдөрдү бурду.

Урсула фон дер Ляйен, ошондуктан Европа Комиссиясы келээрки айда ЕБнин REPowerEU долбоорунун алкагында жаңы күн стратегиясын сунуштай турганынын маалыматын берди.



Тектеш кабарлар