Украинанын  экономикалык жоготууларды калыбына келтирүү үчүн айлык 7 миллиард доллардын керек

Дүйнө банкы жана Украина өкмөтү Россия 24 -  февралда согуш ачкан Украинага колдоосун сүйлөшүү үчүн айрым өлкөлөрдүн да өкүлдөрү катышкан министрлер деңгээлинде тегерек стол жыйынын өткөрдү.

1816341
Украинанын  экономикалык жоготууларды калыбына келтирүү үчүн айлык 7 миллиард доллардын керек

Украинанын президенти Владимир Зеленский  Россиянын кол салууларынан улам келип чыккан экономикалык жоготууларды калыбына келтирүү үчүн өлкөсүнүн айлык 7 миллиард долларга муктаж экендигин айтты.

Дүйнө банкы жана Украина өкмөтү Россия 24 -  февралда согуш ачкан Украинага колдоосун сүйлөшүү үчүн айрым өлкөлөрдүн да өкүлдөрү катышкан министрлер деңгээлинде тегерек стол жыйынын өткөрдү.

Зеленский видеоконференция аркылуу катышкан жыйында  Россиянын кол салууларынын Украинага алып келген  зыяны тууралуу сөз кылды.

Өлкө боюнча мектептер, университеттер, ооруканалар, ишканалар жана инфраструктуранын талкаланганын белгилеген Зеленский Россиянын Кара деңиз портторун блокадага алуусунун Украинанын экспортуна жана дүйнөнүн азык-түлүк коопсуздугуна таасирин тийгизгенин айтты.

Украинанын лидери : "Экономикалык жоготуулардын ордун толтуруу үчүн айына 7 миллиард доллар керек",-  деди.

Эл аралык коомчулуктун Россияны Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) жана Дүйнөлүк Банк сыяктуу эл аралык каржы уюмдарынан чыгаруу керектигин белгилеген Зеленский бардык өлкөлөрдү Москва менен мамилесин үзүүгө чакырды.

Дүйнөлүк банктын төрагасы Дэвид Малпасс жыйналышта сүйлөгөн сөзүндө Россиянын кол салуусунан Украинадагы имараттарга жана инфраструктурага келтирилген физикалык зыяндын болжол менен 60 миллиард долларга жеткенин, бул көрсөткүч согуш уланган сайын дагы өсө турганын айтты.

Малпасс Украинанын негизги мамлекеттик кызматтарын улантууга колдоо көрсөтүү үчүн 3 миллиард доллардан ашык каражатты мобилизациялаганын эске салды.

Эл аралык валюта фондунун башкаруучу директору Кристалина Георгиева согуштун Украинанын экономикасы үчүн кыйратуучу болгонун белгиледи.

Георгиева келерки 2 – 3 айдын ичинде Украинада өкмөттүн жана экономиканын согуштун ортосунда ишин улантышы үчүн айда 5 миллиардга жакын долларга муктаждыктын бар экендиги болжолдолгондугун айтты.

Эл аралык валюта фондунун башкаруучу директору Кристалина Георгиева тышкы каржылоо, өзгөчө жеңилдетилген каржылоо жана тез жеткирилген гранттардын  зарыл экенин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар