Украинада гумантардык коридор, балдардын колдонулушу, туткундарды алмаштыруу

Украинада жарандар эвакуациялана турган коридорлордун коопсуздуктан улам бүгүн иштебей тургандыгы билдирилди.

1816429
Украинада гумантардык коридор, балдардын колдонулушу, туткундарды алмаштыруу

Украинада жарандар эвакуациялана турган коридорлордун коопсуздуктан улам бүгүн иштебей тургандыгы билдирилди.

Украинанын вице  - премьер  - министри Ирина Верещук берген билдирүүсүндө каттамдардагы коркунучтан улам бүгүн гуманитардык коридордун ачылбай тургандыгын белгиледи. Верещук : «Бүгүн 22  - апрелде каттамдардагы коркунучтан улам гуманитардык коридорлор болбойт. Эвакуацияланууну күтүп жаткандардын баарына кайрылам : сабурдуу болгула, күтүп тургула»,- деди.

Верещук кечээ да орус бөлүктөрүнүн катуу бомбалоосунун айынан Мариуполдо эвакуацияланууну күтүп жаткан адамдарды куткаруунун мүмкүн эмес экендигин билдирген.

Жуманын башынан бери орустардын Донбасстагы кол салууларынын күч алышы менен Украина жана Россиянын ортосунда гуманитардык коридорлордун ачылышы тууралуу көп учурда келишим түзүлө албай жатат.

Бир тараптан Ирина Верещук  кечээ Россия менен Украинанын ортосунда туткундарды алмаштыруу болгондугун, ушунун негизинде 19 украиналыктын Россиянын туткундугунан куткарлыгандыгын белгиледи.

Бир тараптан Украинанын башкы прокурору Ирина Венедиктова Россиянын Украинага каршы согушта украиналык балдарды колдонгонун белгилеп, буга байланыштуу 8 учурдун аныкталганын белгиледи.

Венедиктова белгилегендей, орус аскерлери украиналык балдарды «аскердик маалымат чогултууда же берүүдө, курал алып жүрүүдө жана башкаларда колдонууга мажбурлаганын» белгиледи.   

Орус армиясынын бомбалоосунан 1141 билим берүү мекемеси жабыркап, 99у толугу менен талкаланганын белгилеген Венедиктова Россия  аскердик операциясын баштаган 24-февралдан бери алгачкы аныктамалар боюнча 208 баланын каза болгонун, 386 баланын жараланганын кошумчалады.

Украинанын Башкы штабы да 24-февралдан 22-апрелге чейин орус армиясынын жоготууларына байланыштуу маалымат берди.

Маалыматка  караганда, Украинага кол салган орус армиясынын 21 миң 200 аскери каза болуп, орустарга таандык 176 учак, 153 тик учак, 838 танк, 2 миң 162 бронетехника, 397 замбирек, 138 ракета атуу системасы жана 69 абадан коргонуу системасы талкаланган.

Орус күчтөрү да 1523 унаа, 8 кеме жана жеңил ылдамдыктагы кайык, 76 күйүүчү май ташуучу унаа жана 172 учкучсуз учуучу аппаратын жоготту.

Россиянын Коргоо министрлигинин 25-марттагы билдирүүсүндө Украинада 1351 орус аскеринин каза болгондугу белгиленди.

 



Тектеш кабарлар