Пакситанда Имран Хан мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү талабын кайталады

2018-жылы кызматка киришкенде көз карандысыз тышкы саясат максаты бар экенин баса белгилеген Имран Хан, ушул себептен өзүнө каршы кутум түзүлгөнүн айтты.

1816438
Пакситанда Имран Хан мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү талабын кайталады

Пакистандын мурдагы премьер-министри Имран Хан өкмөткө мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү талабын кайталады.

Улуттук басма сөздүн маалыматына караганда, Пакистандын Адилеттик кыймылы партиясынын лидери Хан Пешавар менен Карачидеги митингдерден кийин Лахордогу тарапташтарына кайрылды.

Хан өкмөттү "депутаттардын абийирин сатып алып, чет элдиктер менен кызматташып жатат" деп айыптап, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү чакырыгын кайталады.

2018-жылы кызматка киришкенде көз карандысыз тышкы саясат максаты бар экенин баса белгилеген Имран Хан, ушул себептен өзүнө каршы кутум түзүлгөнүн айтты.

Хан азыркы өкмөттүн чет мамлекеттердин көрсөтмөлөрүнө баш ийип жатканын айтып өзүнүн андай эмес экенин, ошондуктан тышкы күчтөргө да жакпай турганын билдирди.

Премьер-министр болуп турган кезде  Россияга жасаган сапары тууралуу айткан  Хан Москванын Исламабадга мунай продуктуларын эл аралык базарлардан 30 пайызга арзан жеткирүүгө даяр экенин билдирди.

Имран Хан Америка Кошмо Штаттарына каршы айыптоолорун улантып, тышкы күчтөрдүн Кытай менен соодасын көбөйтүүсүн жактырбаганын айтты.

Пакистанда 10 - апрелде парламентте өткөрүлгөн ишеним добушунун жыйынтыгында 174 каршы добуш алган Имран Хандын өкмөтү кулады.

Өлкөдө үч мөөнөт премьер - министрлик кызматты аркалаган Наваз Шарифтин бир тууганы Шахбаз Шариф 11 - апрелде парламентте өткөрүлгөн шайлоодо  көпчүлүктүн колдоосу менен 174 добуш менен премьер - министрликке шайланды.

 



Тектеш кабарлар