Киевде айрым баррикадалар алынды

Кличенко : «Биз согуштук шартта жашап жатабыз. Ошондуктан баррикадалар калат. Айрым баррикадалар алынды бирок айрымдары ошол бойдон калат»,- деди.

1815932
Киевде айрым баррикадалар алынды

Украинанын борбору Киев шаарынын мэри Виталий Кличко Орусия менен согуш уланып жатканына карабастан  Киевде кадимки жашоо акырындык менен калыбына келгенин, буга чейин көчөлөрдө жана көчөлөрдөгү баррикадалардын  алынгандыгын билдирди.

Орусиянын 24 - февралда Украинага каршы ачкан согушутун өзгөчө Донбасс аймагында күчөшүнөн улам борбор шаар Киевге кайткандардын саны көбөйө баштады.

Акыркы жумада сиреналардын үнү кайра күчөй баштаган Киевде унаа кыймылынын көбөйгөндүгү, көчө жана проспектилерге орнотулган баррикадалардын  кеңейтилгени, сырткы райондордо кээ бир баррикадалардын алынышы көңүлдү бурууда.

Борбор шаардагы коопсуздук чаралары тууралуу маалымат берген мэр Кличко унаа тыгынына байланыштуу кээ бир тосмолордун кеңейтилгенин белгилеп : «Шаар акырындык менен номарлдуу турмушка кайтууда. Унаалардын өтүшү үчүн айрым жерлерди кеңейттик»,- деди.

Өлкөдө согуштун улантып жаткандыгын эске салган Кличенко : «Биз согуштук шартта жашап жатабыз. Ошондуктан баррикадалар калат. Айрым баррикадалар алынды бирок айрымдары ошол бойдон калат»,- деди.

Киевде март айында кум каптар жана жыгач тактайлар менен жабылган, чиркөөлөрдүн алдындагы айкелдер коргоо астында.



Тектеш кабарлар