ДССУ: "Ковид-19 учурунун деңгээли төмөндөөнү улантууда"

Уюм тарабынан жарыяланган апталык Ковид-19 жаңыртуу отчетунда 11-17-апрелдеги көрсөткүчтөр бөлүшүлдү.

1815979
ДССУ: "Ковид-19 учурунун деңгээли төмөндөөнү улантууда"

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму (ДССУ) коронавирустун (Ковид-19) глобалдык көрсөткүчүнүн акыркы бир айда төмөндөөнү улантканын билдирди.

Уюм тарабынан жарыяланган апталык Ковид-19 жаңыртуу отчетунда 11-17-апрелдеги глобалдык учурлардын көбөйүшү боюнча маалыматтар бөлүшүлдү.

Маалыматка ылайык, бул убакыт аралыгында дүйнөдө вирустан 18 миң 215 адам каза болуп, 5,5 миллион Ковид-19 учуру катталды.

Көрсөткүчтүн өсүү темпи мурунку аптага салыштырмалуу 24 пайызга төмөндөдү жана глобалдык учурлардын төмөндөөсү марттын акыркы жумасынан бери уланууда.

ДССУ 30-мартта жарыялаган 2022-жылы Ковид-19 глобалдык өзгөчө кырдаалын токтотуу үчүн стратегиялык даярдык жана күрөшүү планы вирустун эволюциясынын 3 сценарийин камтыйт.

Биринчи сценарийде мындан ары Ковид-19га каршы вакцинанын дозасын талап кылбаган жана натыйжасыз варианттары аз болот деп болжолдонууда.

Экинчи сценарийде вирустун эволюциясы уланат, бирок эмдөөлөрдүн негизинде катуу оорулардын саны азаят деп күтүлүүдө.

Үчүнчү сценарийде болсо вирустун кыйла оор жана жугуштуу варианттары пайда болуп, бул жаңы коркунучка каршы учурдагы вакциналардын туруштук бербеши мүмкүн экени айтылды.



Тектеш кабарлар