Россияга карата санкциялар күчөтүлөт

Европа Биримдиги  менен НАТО 24 -  февралдан бери Украинага карата кол салууларынан улам Россияга каршы санкциялардын күчөтүлөрүн  билдиришти.

1814838
Россияга карата санкциялар күчөтүлөт

Европа Биримдиги  менен НАТО 24 -  февралдан бери Украинага карата кол салууларынан улам Россияга каршы санкциялардын күчөтүлөрүн  билдиришти. 

Европа Биримдиги Космиссиясынын  төрайымы Урсула фон дер Ляйен, Европа Биримдиги Комиссиясынын төрагасы Шарль  Мишель жана НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, АКШнын президенти Жо Байдендин батыштык айрым өлкөлөрдүн лидерлери менен өткөргөн видеоконференцияга катышты. 

Жыйындан кийин социалдык медиадан билдирүү жасаган Европа Биримдиги  Комиссиясынын төрайымы  фон дер Ляйен, лидерлердин Украинанын жанында болууну уланта турганын айтты. Фон дер Ляйен : "Россияга карата санкцияларды дагы да күчөтөбүз.  Украинага финансылык жана коопсуздук боюнча колдоону улантабыз",- деди. 

НАТОнун билдирүүсүндө : "Лидерлер Россиянын президенти Владимир Путиндин согушту дароо токтотуусу керектигин баса белгилешти жана согуш аяктаганга чейин Москвага көбүрөөк чыгымдарды таңуулоонун маанилүүлүгү боюнча макулдашты. Башкы катчы Столтенберг маектештерине НАТОнун бөгөт коюу жана коргонууну чыңдоо боюнча аткарган иштери тууралуу маалымат берди",- деп белгиленди. 

Жо Байден уюштурган жыйынга Европа Биримдиги жана НАТОнун лидерлери менен бирге Британиянын премьер  - министри Борис Жонсон, Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо, Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Германиянын канцлери Олаф Шольц, Италиянын премьер-министри Марио Драги, Польшанын президенти Анджей Дуда, Румыниянын президенти Клаус Иоханнис жана Япониянын премьер-министри Фумио Кишида катышты. 

 



Тектеш кабарлар