Конашенков билдирүү жасады

Конашенков борбор шаар Москвадагы билдирүүсүндө, Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн Украинадагы кыймылдары тууралуу маалымат берди.

1815168
Конашенков билдирүү жасады

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков, Украинада эки "Точка-У" тактикалык ракетасы атып түшүрүлгөнүн билдирди.

Конашенков борбор шаар Москвадагы билдирүүсүндө, Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн Украинадагы кыймылдары тууралуу маалымат берди.

Орус армиясынын Украинанын аскердик инфраструктура объектилерине кол салууну улантып жатканын белгилеген Конашенков, түн ичинде 73 аскерий элементке учактар менен ​​сокку урулганын айтты.

Булардын арасында аскердик техника, башкаруу борборлору жана 4 ок-дары арсеналы бар экенине көңүл бурган Конашенков: «Донецкое жана Скелювате аймактарында абада 2 «Точка-У» тактикалык ракетасы атылды»,-деди.

Игорь Конашенков: «Бүгүнкү күнгө чейин Украинага таандык 140 учак, 496 учкучсуз учуучу аппарат, 253 абадан коргонуу ракеталык системасы, 2388 танк жана бронетехника, 256 көп стволдуу ракета аткычтар, 1029 гаубицалар жана минометтор, 2232 атайын аскердик техника жок кылынды»,-деп бидирди.



Тектеш кабарлар