Дмитрий Кулеба Болграиядан курал боюнча жардам сурады

Кулеба расмий сапар менен барган борбор шаар Софияда Болгариянын президенти Румен Радев тарабынан кабыл алынды.

1815243
Дмитрий Кулеба Болграиядан курал боюнча жардам сурады

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Болгариядан курал боюнча жардам сурады.

Кулеба расмий сапар менен барган борбор шаар Софияда Болгариянын президенти Румен Радев тарабынан кабыл алынды.

Жолугушуудан кийин өлкөнүн эң чоң менчик телеканалдарынан BTVге маалымат берген Кулеба жолугушууда Болгариядан курал боюнча жардам сураганын белгиледи.

Дмитрий кулеба : «Биз бардык Европа Биримдиги жана НАТОго мүчө өлкөлөргө аскердик учакатрдан брондолгон жилеттерге чейин курал-жарак жардамы үчүн муктаждык тизмесин бердик. Болгария эки уюмдун тең мүчөсү бирок мажбурлоо жок анткени Болгариянын улуттук кызыкчылыктарына сый көрсөтөбүз»,- деди.

Ар бир өлкөнүн Украинага берген колдоосунун аскердик жардам менен эле чектелбестигин баса белгилеген Кулеба : «Биз Болгариянын украиналык мигранттарды кабыл алуусун, өлкөбүздүн Европа Биримдигине интеграциясын колдоосун жогору баалайбыз. Болгария өкмөтү Украинага бардык жардам мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгат деп ишенем»,- деди.

Кулеба ошондой эле Кара деңиз аймагы тынчтык жана гүлдөп өнүккөн аймак болушу үчүн Орусияга каршы санкциялардын улантылышы керектигин айтты.

Президенттиктин билдирүүсүнө караганда Румен Радев, Болгариянын согуштун алгачкы сааттарында Россиянын Украинага кол салышын айыптаганын жана Россияга каршы санкцияларды колдогондугун белгиледи.

Радев: "Болгария украин мигранттарына эшигин ачса, болгарлар аларга жүрөгүн жана үйүн ачты. 91 миңден ашуун мигрант биздин өлкөгө баш калкалады",-деди.

Төрттүк коалициялык өкмөт менен башкарган Болгарияда Украинага курал-жарак берүү маселеси талаш жаратты.

Коалиция өнөктөштөрүнүн бири, орусиячыл Болгар Социалисттик партиясынын лидери жана экономикадан жооптуу вице-премьер-министр Корнелия Нинова Украинага эч кандай аскердик жардамдын бекитилбей турганын жарыялады.

Нинова Россияга каршы санкцияларды да катуу сындап : «Украинага бир ок да жиберилсе, партия катары коалициядан чыгабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар