Түштүк Африкада сел жүрдү

Селде 443 адам каза болду.

1813658
Түштүк Африкада сел жүрдү

Түштүк Африка Республикасынын чыгышындагы КваЗулу-Натал провинциясында болгон сел апаатында каза болгондордун саны 443кө жетти.

Өткөн жуманын башынан бери өлкөнүн эң чоң шаарларынын бири Дурбан жана анын айланасында чарчы метрге түшкөн жаан-чачындын көлөмү 300 миллиметрден ашса, ашыкча жааган жаан сел жана жер көчкүгө себеп болду.

КваЗулу-Натал штатынын премьер-министри Сихле Зикалала селден ушул убакка чейин 443 кишинин каза болгондугун белгилеп, муну аймакта болуп өткөн эң чоң табигый кырсыктардын бири катары мүнөздөдү.

Зикалала талаадагы топтордун селде жоголгон 63 кишини издөө иштерин улантканын белгиледи.

Селден 13 миң 556 кожолуктун жабыркап, 4 миңге жакын имараттын толугу менен кыйрагандыгын белгилеген Зикалала Калктуу конуштар бөлүмүнүн аймакка жардам бере турганы тууралуу маалымат берди.



Тектеш кабарлар