Зеленский: «Орусия өзөктүк же химиялык куралга өтүшү мүмкүн»

Владимир Зеленский CNN телеканалына курган маегинде дүйнөдөгү бардык өлкөлөрдү Орусиянын президенти Владимир Путиндин тактикалык өзөктүк куралды колдонуу мүмкүнчүлүгүнө каршы даяр болуу темасында эскертти.

1813367
Зеленский: «Орусия өзөктүк же химиялык куралга өтүшү мүмкүн»

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын өлкөсүнө каршы баштаган согушта 2500-3 миң украин аскери каза болгонун жана 10 миңдей жоокер жарадар болгонун айтты.

Владимир Зеленский CNN телеканалына курган маегинде дүйнөдөгү бардык өлкөлөрдү Орусиянын президенти Владимир Путиндин тактикалык өзөктүк куралды колдонуу мүмкүнчүлүгүнө каршы даяр болуу темасында эскертти.

Орусиянын өзөктүк же химиялык куралга өтүшү мүмкүн экенин белгилеген Зеленский, Путиндин адам өмүрүн тоготпой турганын айтты.

Корккондун ордуна даяр болуу керектигин, өзөктүк же химиялык курал колдонуунун бир гана Украина үчүн эмес, дүйнөнүн бардык өлкөлөрү үчүн көйгөй болоорун белгилеген Владимир Зеленский, Украина аткан орус кемеси тууралуу: «Кеме азыр жок болгонун билебиз, ал биз үчүн күчтүү курал болгон жана анын чөгүп кетиши биз үчүн трагедия эмес экенин бүт дүйнө билишин каалайм. Орусиянын бизге кол салган курал-жарактары канчалык азыраак болсо, биз үчүн ошончолук жакшы»,- деди.

Зеленский Орусиянын өлкөсүнө каршы баштаган согушта 2500-3 миңдей украин аскеринин каза болгонун, 10 миңге жакын аскеринин жараланганын билдирди. Анын айтымында, жабыркагандардын канчасы тирүү каларын айтуу кыйын.

Владимир Зеленский белгилегендей, согушта 19 миңден 20 миңге чейин орус жоокери курман болгон. Орусия болсо курман болгон аскерлеринин санын 1351 деп жарыялады.

Зеленский Орусия менен тынчтык келишими эки башка документтен турушу керектигин айтты.

Жергиликтүү маалымат каражаттарына онлайн билдирүүсүндө Зеленский Орусия менен Буча жана Бородянкадан кийин токтоп калган сүйлөшүүлөргө баа берди.

Орусия менен тынчтык келишими эки башка документтен турушу керектигин белгилеген Зеленский: «Алардын бири Украинанын коопсуздук кепилдиги, экинчиси анын Орусия Федерациясы менен түз мамилеси жөнүндө болушу керек. Москва бардык көйгөйлөрдү чечүүнү камтыган бирдиктүү келишимге ээ болгусу келет, бирок баары эле Орусия менен бир дасторкондо өзүн толук көрүшпөйт. Алар үчүн коопсуздук кепилдиги өзүнчө маселе. Украинанын Орусия менен келишимдери болсо башка»,-деп маалыматтандырды.

Зеленский учурда Британия, Америка Кошмо Штаттары, Италия жана Түркия Украинанын коопсуздугунун кепили болууга даяр экенин белгиледи.

Мариуполдогу кырдаал Бородянкадагыдан 10 эсе оор болушу мүмкүн экенин белгилеген Зеленский: «Мен айткым келет, биздин жоокерлер менен кишилердин жок кылынышы (Мариуполдо) бардык сүйлөшүүлөрдүн (Орусия менен) аякташы болот»,- деди.

Ал арада Украинанын президенти Британиянын премьер-министри Борис Жонсон менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Улуу Британиянын премьер-министринин кеңсеси №10дун билдирүүсүндө Зеленский телефон аркылуу Жонсонго Мариуполдогу кырдаал тууралуу маалымат бергени жазылган.

Билдирүүдө: «Экөө Украинанын коопсуздугу боюнча узак мөөнөттүү чечимдин зарылдыгын талкуулашты жана премьер-министр Жонсон ал (Британиянын) союздаштары жана өнөктөштөрү менен Украинанын алдыдагы жумаларда жана айларда өз суверенитетин коргоону камсыз кылуу үчүн тыгыз иштешүүнү улантарын билдирди»,делди.

Жонсон Зеленскийге өткөн аптада Улуу Британиянын Орусияга каршы кабыл алган жаңы санкциялары тууралуу маалымат бергени белгиленген билдирүүдө: «(Джонсон) Улуу Британия жакынкы күндөрдө Украинага өзүн-өзү коргоо үчүн унааларды, анын ичинде брондолгон унааларды берүүнү уланта турганын билдирди»,-деп айтылган.

Билдирүүдө Жонсондун Украинага болгон эл аралык колдоонун дагы күчтөнгөнүн белгилеп, Украинанын ийгиликке жетишээрине жана Орусиянын президенти Владимир Путиндин болсо ийгиликсиз болооруна ишенгени белгиленди.



Тектеш кабарлар