Украинада каза болгон журналисттер, эвакуациялар, гуманитардык жардамдар...

Согушта каза болгон журналисттердин тизмеси Украина парламентинин сайтында Сөз эркиндиги боюнча комитеттин отчетунда жарыяланды.

1813337
Украинада каза болгон журналисттер, эвакуациялар, гуманитардык жардамдар...
ukrayna.jpg
ukrayna.jpg
ukrayna.jpg

Орусиянын 24-февралда Украинада баштаган согушта 21 журналист каза болду.

Согушта каза болгон журналисттердин тизмеси Украина парламентинин сайтында Сөз эркиндиги боюнча комитеттин отчетунда жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Орусиянын Украинага каршы согушунда арасында чет элдик медиа мүчөлөрү да болгон 21 журналист каза тапты.

Украинанын Башкы штабы да 24-февралдан 17-апрелге чейин орус армиясынын жоготууларына байланыштуу билдирүү жасады.

Билдирүүгө ылайык, Украинага кол салган орус армиясынан 20 миң 300 аскер курман болуп, 165 орус учагы, 146 тик учак, 773 танк, 2002 бронетехника, 376 замбирек, 127 ракета атуу системасы жана 66 абадан коргонуу системасы жок кылынды.

Орус күчтөрү да 1471 унаа, 8 кеме жана ылдам жүрүүчү жеңил кайык, 76 күйүүчү май ташуучу унаа жана 148 учкучсуз учуучу аппаратынан ажырады.

Орусиянын Коргоо министрлигинин 25-марттагы билдирүүсүндө Украинада 1351 орус аскеринин каза болгондугу жарыяланган болчу.

Бул арада Украинанын вице-премьер-министри Ирина Верещук кечээ дагы 1499 кишинин гуманитардык жардам коридорлору аркылуу коопсуз аймактарга эвакуацияланганын билдирди.

Верещук 16-апрелде бекитилген 9 гуманитардык жардам коридору аркылуу эвакуациялар боюнча акыркы маалыматтарды бөлүштү.

Вице-премьер Верещуктун айтымында, Запорожье облусуна негизинен Мариуполь, Бердянск, Пологов жана Васильевки шаарларынын жарандары көчүп келишкен.

Верещук, Луганск аймагындагы катуу кагылышууларга карабастан 68 жаранды эвакуациялоого жетишкендерин, бирок Лисичанск шаарындагы орус аскерлеринин кол салууларынан улам эвакуацияны жокко чыгарууга мажбур болгондорун айтты.

Бир тараптан түрдүү өлкөлөрдөн 270 миң тонна гуманитардык жардам жүктөрү Украинага жетти.

Украина Президентинин аппаратынын жетекчиси Андрей Ермак президенттикке караштуу гуманитардык жардам жана коомдук ишмердүүлүктү координациялык штабдын ишине баа берди.

Ермак, штаб маанилүү иштерди аткарганын белгилеп: «Дүйнөнүн ар кайсы аймактарынан (Украинага) 270 миң тонна гуманитардык жүк келди. Мындан тышкары, гуманитардык жардам коридорлору аркылуу орус баскынчылары тарабынан тосулган шаарлардан 291 миң 705 жаранды алып чыгууга жетиштик»,-деди.

Ермак дүйнө жүзүндөгү филантроптор тарабынан Бириккен Улуттар Уюмунун Балдарга жардам фонду, Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку Комиссарлыгы, Кырсыктарга байланыштуу өзгөчө кырдаалдар комитети сыяктуу уюмдарга 923,8 миллион доллардан ашуун фонд берилгенин жана бул сумманын 4,26 пайызынын Украина Улуттук Банктын жана Украинанын чет өлкөдөгү элчиликтеринин эсебине которулганын белгиледи.

Андрей Ермак ошондой эле дүйнөгө таанымал ысымдар жана чоң компаниялар Украинага эл аралык уюмдар аркылуу жардам бергенин белгиледи.



Тектеш кабарлар