Орусия согушта украин армиясынын жоготуулары,Мариуполдогуларды эвакуациялоо тууралуу маалымат берди

Конашенков орус армиясынын Украинадагы согуштагы аракеттери тууралуу маалымат берди.

1813433
Орусия согушта украин армиясынын жоготуулары,Мариуполдогуларды эвакуациялоо тууралуу маалымат берди

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков Орусия менен болгон согушта украин армиясынын жоготуусу 23 миң 367 киши болгонун билдирди.

Конашенков орус армиясынын Украинадагы согуштагы аракеттери тууралуу маалымат берди.

Мариуполь шаарындагы Азовсталь металлургия заводунун толугу менен орус күчтөрү тарабынан курчоого алынганына көңүл бурган Конашенков, орус аскерлеринин ал жердеги украин күчтөрүнөн багынып берүүнү суранганын, бирок радио сүйлөшүүлөрүнөн Киев администрациясынын Азовго куралын таштаган аскерлерди жана чет элдик жалданмаларды атууга  буйрук бергени белгилүү болгонун айтты.

Багынгандардын айткандарына караганда көбү Европа өлкөлөрүнөн келген 400гө жакын чет элдик жалданма согушкер бар экенин белгилеген Конашенков, согуштун башталышынан бери 63 өлкөдөн 6 миң 824 чет элдик жалданма аскердин Украинага келгенин белгиледи.

Чет элдик согушкерлердин Украинанын Киев, Харьков, Одесса, Николаев жана Мариуполь шаарларындагы аскер бөлүктөрүнө таратылганын билдирген Конашенков, кагылышуулардын натыйжасында чет элдик согушкерлердин саны азайгандыгын жана бул согушкерлердин саны бүгүнкү күндө  4 миң 877ге азайгандыгын белгиледи.

Ошондой эле Конашенков: «Орусиянын куралдуу күчтөрү Украинада 1355 чет элдик жалданма согушкерди жок кылды. 912 согушкер согушка катышуудан баш тартып, өлкөдөн чыгып кетишти»,-деп айтты.

Орус армиясынын түн ичинде Киев аймагындагы Бовари отурукташкан жериндеги ок-дары чыгаруучу заводду абадан жогорку тактыктагы ракеталар менен аткылаганын белгилеген Конашенков, орус аба күчтөрүнүн ар кайсы жерлерде ракеталык система жана арсеналдар менен катар абадан коргонуусу да болгон 68 украин аскердик элементин жок кылганын айтты.

Ракета жана артиллериялык бөлүктөрдүн 814 жерден ок чыгарганын белгилеген Конашенков, абадан коргонуу системалары менен 10 учкучсуз учуучу аппаратты атып түшүрүшкөнүн айтты.

Конашенков айрыкча:«Украина армиясына таандык 134 учак, 470 учкучсуз учуучу аппарат, 249 абадан коргонуу ракеталык системасы, 2 миң 290 танк жана бронетехника, 254 көп стволдуу ракета аткычтар, 992 гаубицалар жана минометтор, 2 миң 166 атайын аскердик техникалар жок кылынды»,-деди.

Игорь Конашенков: «16-апрелде Мариуполдо эле украин аскерлеринин жоготуусу 4000ден ашты. Андыктан Украинанын президенти Владимир Зеленский жакында Батыш маалымат каражаттарына операциялар учурунда 2500дөн 3 миңге чейин украин жоокери каза болгонун жарыялаганы жалпы калп. Орусиянын Коргоо министрлигинде Зеленскийдин украин элине айтуудан корккон украин аскерлеринин, улуттук гвардиясынын жана чет элдик жалданма аскерлердин чыныгы жоготуулары боюнча так маалыматтар бар.  Бүгүнкү күнгө чейин орду толгус жоготуулар 23 367ни түзөт»,-деп айтты.

Басма сөз катчысы Конашенков жакын арада Украинанын дайынсыз жоголгондору тууралуу маалыматтарды Украинанын документтеринде каза болгон жерлер жана маркумдар көмүлгөн жерлерди көрсөткөн маалыматтарды жакында ачыктап бере турганын билдирди.

Бир күндө абадан жогорку тактыктагы ракеталар менен 15 украин бутасын атышкандарын белгилеген Конашенков, орус аба күчтөрүнүн 67 персонал жана украин аскерлери топтолгон аймакты жок кылганын айтты.

Конашенков ракета бөлүктөрү 317 аскерий жайды өрттөгөнүн билдирди.

Орус басма сөз катчысы: «Одессанын айланасында Батыш өлкөлөрү тарабынан Украинага берилген көп сандагы курал-жарактарды ташыган Украинанын аскердик жүк ташуучу учагы Орусиянын абадан коргонуу системалары менен атып түшүрүлдү»,-деди.

Конашенков, Лозовая жана Веселая конуштарынын үстүнөн эки украиналык учкучсуз учуучу аппаратты да атып түшүргөндөрүн айтты.

Бир тараптан Конашенков президент Режеп Таййип Эрдогандын Мариуполдогу түрк мечитинде барымтага алынгандарды бошотуу талабын Орусиянын атайын күчтөрү тарабынан аткарылганын, мечит менен барымтадагылардын куткарылганын айтты.

Президент Эрдогандын өтүнүчү менен кечээ Мариуполь шаарындагы Приморск аймагындагы түрк мечитинде украин күчтөрү тарабынан барымтага алынгандарды бошотуу үчүн орус аскерлери атайын операция жүргүзгөнүн баса белгилеген Конашенков: «Орусиянын атайын күчтөрүнүн жан аябас аракеттеринин натыйжасында мечит ачылып, 29 согушкер, анын ичинде чет элдик жалданма согушкерлер жок кылынды. КМШ өлкөлөрүнүн биринин жараны болгон барымтадагылар бошотулуп, коопсуз жайга жеткирилди»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар