Виктор Медведчуктун жубайы Оксана Марченко Эрдоганга кайрылды

Оксана Марченко күйөөсүнүн куткарылышы үчүн Режеп Таййип Эрдоган сыяктуу күчтүү бир мамлекет башчысынын Украинанын президенти Владимир Зеленскийге таасир эте аларын баса белгиледи.

1813104
Виктор Медведчуктун жубайы Оксана Марченко Эрдоганга кайрылды

Украинада камакка алынган оппозициячыл партиянын лидери Виктор Медведчуктун жубайы Оксана Марченко күйөөсүнүн куткарылышы үчүн Режеп Таййип Эрдоган сыяктуу күчтүү бир мамлекет башчысынын Украинанын президенти Владимир Зеленскийге таасир эте аларын баса белгиледи.

Оксана Марченко Россиянын борбор шаары Москвада өткөргөн пресс- жыйынында күйөөсүнүн эркин бошотулушу үчүн Европа жана башка бардык өлкөлөрдүн парламенттерине кат жиберерин билдирди. Марченко Анадолу агенттигинин: «Медведчуктун бошотулушуна жардам бериши үчүн эмне себептен Россиянын президенти Путин же Франциянын президенти Эммануэль Макронго эмес, Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоганга кайрылдыңыз жана эмне күтүп жатасыз",- деген суроосуна жооп берди.

Эрдогандын Украина менен Россиянын досу экенин көп жолу айтканын эске салган Марченко: «Бүгүн Эрдоган Европада өз алдынча чечим чыгарган, өз саясатын, саясий кадамын жана стратегиясын жүргүзгөн жалгыз көз карандысыз саясатчы. Эрдоган көз карандысыз саясий актерлордун бири»,- деди.

Оксана Марченко Түркиянын Россия менен Украинанын сүйлөшүүсүнө мүмкүнчүлүк түзгөндүгүн эске салып, Эрдоган сыяктуу күчтүү президенттин Украинанын президенти Владимир Зеленскийге таасир эте аларына ишенээрин баса белгиледи.

Марченко : "Мен Эрдогандын мени укканына ишенем жана жубайымдын Украинанын коопсуздук кызматынын темир торунан чыгышы үчүн баарын жасай турганына ишенем", - деди.

Россияны жактаган негизги оппозициячыл "Жашоо үчүн - Оппозициячыл платформа" партиясынын лидери Виктор Медведчук 12 -апрелде камакка алынган.

Зеленский Медведчукту 24-февралдан бери уланып жаткан согушта орустардын туткунунда калган украиналыктарга алмаштырууну сунуштады. Ошондой эле Медведчуктун Путиндин кызынын өкүл атасы экени айтылууда.

 



Тектеш кабарлар