Британияда 74 балада себеби белгисиз гепатит вирусу аныкталды

Ушул кезге чейин гепатиттен каза болгондор катталган жок.

1813200
Британияда 74 балада себеби белгисиз гепатит вирусу аныкталды

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө 5-апрелде Шотландияда 10 жашка чейинки 10 балага катуу гепатит диагнозу коюлганы, 8 - апрелде жалпы Британияда гепатит менен ооруган балдардын саны 74кө жеткени билдирилди.

Вирустун кандай жолдор мененжуккандыгы белгисиз экендиги жана аныкталган гепатит үлгүлөрүнүн азыркы учурда лабораторияда изилденгендиги айтылган маалыматта гепатит аныкталган балдарда март айынан бери сарык, ич өткөк, кусуу жана ич оору сыяктуубелгилердин болгондугу айтылды.

Билдирүүдө айрым бейтаптардын боор боюнча адискеалып барылып дарылангандыгы, 6 бейтапта боор трансплатациясы жасалышы керектиги белгиленген.

Бейтаптардын бирөөсүнүн эпидемиологиялык тактап айтканда гепатит ташыган бирөө же бир канча киши менен жакындашуусу менен пайда болгондугу белгиленген маалыматта башка бейтаптардын кайдан жуктурганына байланыштуу так маалымат берилген жок.

Ушул кезге чейин гепатиттен каза болгондор катталган жок.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун билдирүүсүнөн кийин Британиянын Саламаттыкты сактоо коопсуздук агенттигинин Клиникалык жана жаңыдан пайда болгон эпидемиялар боюнча директору Доктор Мира Чанг басма сөзгө маалымат берип, вирустун балдарга жугуу себебине байланыштуу өлкө боюнча бийликтердин иликтөө жүргүзүп жатканын жарыялады.

Чанг алардын биринин жогорку дем алуу жолдоруна таасир этүүчү аденовирус инфекциясы болушу мүмкүн экендигине токтолушкандарын, бирок башка себептерди да изилдеп жатышканын айтты.



Тектеш кабарлар