Палестина Израилдин Месжид - и Аксадагы кол салуусун айыптады

Билдирүүдө Израилдин бул кол салуу менен Месжид  -  и Аксада эгемендигине каршы чыгып жана аны бөлүүгө карата чыныгы ниетин ортого салгандыгы баса белгиленди.

1812871
Палестина Израилдин Месжид  -  и Аксадагы кол салуусун айыптады

Палестина Израиль полициясынын эрте менен Месжид -   и Аксадагы кол салуусун айыптады. 

Палестинанын тышкы иштер министрлигиген берилген жазуу түрүндөгү маалыматта  Израилдин Месжид -  и Аксанын короосундагы кол салуусу жана жараланууларга жол ачкан, жаран, саламаттыкты сактоо жана медиа топторуна кийлигишүүсүнүн катуу түрдө айыпталгандыгы белгиленди. 

Билдирүүдө Израилдин бул кол салуу менен Месжид  -  и Аксада эгемендигине каршы чыгып жана аны бөлүүгө карата чыныгы ниетин ортого салгандыгы баса белгиленди.  

Палестинанын тышкы иштер министрлиги фанатик еврейлердин кол салууларына каршы Месжид  -  и Аксада  ибадат  кылгандардын союлдардын күчү менен Аксадан чыгарылышы акыбети бир гана палестиналыктар төлөбөй турган диний согуштун тутанышы болору боюнча эскертти. 

Министрлик Израилди еврей майрамдарын Кудс жана Аксаны еврейлештирүү пландары үчүн колдонуу менен айыптады. 

Оккупациядагы Чыгыш Кудста Месжид  -  и Аксанын короосунда чогулган жаштардын багымдат намазынан кийин таш ыргытуусу менен окуялар чыккан. 

Аксанын короосуна кол салган Израиль полициясы каучук капталган ок жана үн бомбасын  колдонуу менен жаштарга кийлигишип, Харем  - и Шарифтеги бардык жамаатты да күч колдонуу менен тышка чыгарган. 

Жамаатты  тышка чыгаргандан кийин жаштар болгон Кыбле мечитине багыт алган Израиль полициясы күч колдонуу менен мечиттин ичине кирген. 

Израиль полициясы Харем  - и Шарифте чыккан окуяларда жүздөгөн кишини камакка алып кеминде 152 кишини жаралаган. 

 



Тектеш кабарлар