Кличко: "Түркия Украинанын чыныгы досу"

Кличко, өлкөсүнө көрсөткөн колдоосу үчүн Түркияга ыраазычылыгын билдирди.

1812827
Кличко: "Түркия Украинанын чыныгы досу"

Украинанын борбор шаары Киевдин мэри Виталий Кличко, өлкөсүнө көрсөткөн колдоосу үчүн Түркияга ыраазычылыгын билдирди.

Апрель айынын башында Украина армиясы Киев аймагын кайрадан көзөмөлгө алганына карабай борбордо жана ага жакын аймактарда күчөтүлгөн коопсуздук чаралары уланууда.

Киев мэри Кличко Түркия баш болгон Украинанын дос жана коңшу мамлекеттеринин колдоосу менен Киевде уланып жаткан коопсуздук чаралары тууралуу басма сөзгө маалымат берди.

Орусиянын кол салуусуна дуушар болгон Украинанын кыйын күндөрдү башынан кечирип жатканына жана бул мезгилде өлкөсү үчүн эл аралык жардамдын абдан маанилүү экенине көңүл бурган Кличко: «Европа өлкөлөрүнө да, коңшу өлкөлөргө да Украинага позитивдүү мамиле кылган бардык өлкөлөргө тынчтыкты колдогондугу үчүн ыраазычылык билдиребиз»,- деди.

Кличко гуманитардык, медициналык, аскердик жана саясий жардамга муктаж экендиктерин билдирип: «Биз өз үй-бүлөбүздү, үй-жайыбызды, өлкөбүздү гана эмес, бардык демократиялык өлкөлөр колдогон принциптерди да коргойбуз. Аймакта туруктуулукту сактоо Украинадагы туруктуу саясий жана экономикалык кырдаалдан көз каранды»,-деди.

Өлкөсүнө колдоо көрсөткөн өлкөлөрдүн арасында Түркияга өзгөчө ыраазычылык билдиргиси келгенин айткан Кличко: «Саясий жана аскердик тармакта көрсөткөн колдоосу үчүн Түркияга абдан ыраазыбыз, бул өтө маанилүү. Кимдин Украинанын чыныгы досу экенин ушул кыйын мезгилде көрүп жатабыз»,-деп баа берди.



Тектеш кабарлар