Европа Биримдиги Россияга курал сатууну токтотту

Европа Биримдиги Комиссиясынан алынган маалыматтарга таянган Ройтерс Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн  2020 -  жылы Москвага 25 миллион евро, 2021 -  жылы 39 миллион евролук курал жана ок  - дары сатканын жарыялады.

1812577
Европа Биримдиги Россияга курал  сатууну токтотту

Ройтерстин кабарына караганда Польша менен Балтика өлкөлөрүнөн келген чакыруулардан кийин Европа Биримдиги Европа Биримдигинин курал өндүрүүчүлөрүнүн Россия менен иш аткаруусуна уруксат берген санкциядан бошотуудан баш тартты.

Брюссель  Крымдын аннеrсиясын негиз катары көрсөтүп 2014 -  жылы июль айында Россияга курал жана ок  -  дары экспортуна бөгөт койду. Бирок эмбаргодогу бир берене 2014 -  жыл август айынан мурда кол коюлган келишимдердин негизинде сатууга уруксат берген.

Француз жана немис курал өндүрүүчүлөрү бул мүчүлүштүктөн пайдаланды.

Европа Биримдиги Комиссиясынан алынган маалыматтарга таянган Ройтерс Европа Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн  2020 -  жылы Москвага 25 миллион евро, 2021 -  жылы 39 миллион евролук курал жана ок  - дары сатканын жарыялады.

Жыйынга катышкан дипломаттардын айтымына караганда  Польша менен Литва сыяктуу өлкөлөрдөн келген жаңы сындардан кийин Европа Биримдиги өкмөттөрү  санкциядан бошотууну жоюну өткөн жумага чейин кабыл алган эмес.

Санкциядан бошотуу 8 -  апрелде жарыяланган жана Европа Биримдигинин Москвага карата санкцияларынын «бешинчи пакетин» камтыган документтерде көрүнбөйт. Бирок Европа Биримдиги жаңы эмбарго тууралуу коомчулукка берген маалыматта жоюу иши тууралуу билдирген жок.



Тектеш кабарлар