Зеленскийге тобу менен жолугушууга барышты

Зеленский кечээ Украинанын борбор шаары Киевге поезд менен келген Польшанын президенти Анджей Дуда, Литванын президенти Гитанас Науседа, Латвиянын президенти Эгилс Левиц жана Эстониянын президенти Алар Карис менен жолугушту.

1812154
Зеленскийге тобу менен жолугушууга барышты

Украинанын президенти Владимир Зеленский Польша, Литва, Латвия жана Эстония ар дайым Украинаны биринчилерден болуп коргой турганын билдирди.

Зеленский кечээ Украинанын борбор шаары Киевге поезд менен келген Польшанын президенти Анджей Дуда, Литванын президенти Гитанас Науседа, Латвиянын президенти Эгилс Левиц жана Эстониянын президенти Алар Карис менен жолугушту.

Жолугушуудан кийин Украинанын президенти Зеленский, Дуда, Науседа, Левиц жана Карис менен маалымат жыйынын өткөрдү.

Жыйналышта сөз сүйлөгөн Зеленский 24-февралда Орусия-Украина согушунун башталышы менен Польша, Литва, Латвия жана Эстониянын Украинаны биринчилерден болуп коргогондорун айтты.

Бул өлкөлөр жана алардын лидерлери Украинага курал жагынан колдоо көрсөткөн биринчилерден болгонун баса белгилеген Зеленский:«Польша, Литва, Латвия жана Эстония ар дайым биздин мамлекетибиздин жанында»,-деди.

Зеленский ошондой эле бул өлкөлөр сыяктуу бардык кошуна өлкөлөр менен достук, чынчыл жана стратегиялык мамилелерди түзүүнү кааларын баса белгилеп: «Мен ишенем, бул төрт мамлекет Украинанын келечегинин бардык барактарында биринчи болуп калат жана бизде чоң келечек бар, анткени ушундай өнөктөштөр жана достор менен биз сөзсүз түрдө жеңишке жетебиз. Украина үчүн ушул оор мезгилде бул маанилүү иш сапары үчүн ар бириңиздерге рахмат»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар