Түндүк Кореянын лидери атактуу дикторго үй белек кылды

Ри жаңы үйүндө үй-бүлө мүчөлөрүнун кубанычы менен түнү бою уктабаганын айтты.

1812455
Түндүк Кореянын лидери атактуу дикторго үй белек кылды

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын, мамлекеттик телекөрсөтүүсүнүн диктору 79 жаштагы Ри Чун Хиге люкс үй тартуулады.

Түндүк Кореянын Борбордук Кабар агенттигинин (KCNA) маалыматына караганда, Ким Чен салттуу кийиминин түсүнөн улам "күлгүн аял" деп аталган диктор Риге кымбат үй белек кылды жана андан бийликтеги Эмгек партиясынын үнү боло берүүсүн суранды.

Ким Ринин мурдагыдай эле Эмгек партиясы менен иштөөнү улантарын күткөндүгүн билдирди.

Ри жаңы үйүндө үй-бүлө мүчөлөрүнун кубанычы менен түнү бою уктабаганын айтты.

Түндүк Кореянын лидери Ким жана атактуу диктор кечээ белекке берилген үйгө чогуу барышты.



Тектеш кабарлар