Орусия АКШ жана НАТОнун куралдуу унаалары расмий бутасы болоорун билдирди,Украина жооп кайтарды

Орусиянын ТАСС маалымат агенттигине берген маегинде Сергей Рябков Батыш өлкөлөрүнүн Украинадагы аракеттерине баа берди.

1812105
Орусия АКШ жана НАТОнун куралдуу унаалары расмий бутасы болоорун билдирди,Украина жооп кайтарды
Rusiya-Ukrayna müharibəsi.jpg

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков, Aмерика Кошмо Штаттары (АКШ) менен НАТОнун Украина аймагында курал ташыган унааларын «мыйзамдуу аскердик буталар» катары көргөндөрүн айтты.

Орусиянын ТАСС маалымат агенттигине берген маегинде Сергей Рябков Батыш өлкөлөрүнүн Украинадагы аракеттерине баа берди.

АКШнын Украинага курал-жарак колдоосуна көңүл бурган Рябков мындай шартта Украинадагы кырдаал боюнча АКШ администрациясы менен кеңири байланыштардын «маанисиз» экенин белгиледи.

Рябков: «Ошол эле учурда биз америкалыктарга жана башка батыштыктарга биздин операциябызды жайлатууга, Орусиянын аскер бөлүктөрүнө жана Донецк жана Луганск элдик республикаларын түзүү жараянына зыян келтирүү аракеттерине бөгөт коюла турганын түшүндүрүүгө аракет кылуудабыз. Биз аларды Украинанын аймагында жүргөн АКШ менен НАТОнун куралдуу унаалары мыйзамдуу аскердик буталарыбыз болуп эсептелет деп эскертебиз»,-деди.

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков, эгер Украинанын Орусия аймагына кол салуулары улана турган болсо, орус армиясы Киев баш болгон чечим кабыл алуу борборлоруна сокку урарын билдирди.

Игорь Конашенков борбор шаар Москвада жасаган билдирүүсүндө, Украинанын аскердик бөлүктөрүнүн Орусия Федерациясынын аймагына кол салып, саботаж жасоого аракет кылганын айтып: «Эгер мындай иштер улана берсе, Орусиянын Куралдуу күчтөрү буга чейин алыс турган чечим кабыл алуу борборлоруна, анын ичинде Киевге да сокку урат»,-деди.

Украинанын президенттик аппаратынын жетекчиси Андрей Ермак борбор калаа Киевге болушу мүмкүн болгон кол салуу коркутуулары тууралуу:«Биз кандай сценарий болбосун даярбыз жана бир дагы орус сценарийи ишке ашпайт»,-деп айтты.

 Ермак: «Биз кандай сценарий болбосун даярбыз жана бир дагы орус сценарийи ишке ашпайт. Кремль аларга жөн эле жооп бере албаган карапайым калк менен кантип күрөшүүнү биле турганын далилдеди. Орусия бардык кылмыштары үчүн келечекте эл аралык сотто жооп берет»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар