Япония менен Греция Россиянын Украинага ачкан согушуна каршы чыгуу тууралуу бирдей пикирде

Япониянын тышкы иштер министри Хаяши  борбор шаар Токиого барган грек кесиптеши  Никос Дендиас менен жолугушуусунда эки тараптуу жана аймактык карым  - катнаштарды талкуулашты.

1812171
Япония менен Греция Россиянын Украинага ачкан согушуна каршы чыгуу тууралуу бирдей пикирде

Япония менен Грециянын тышкы иштер министрлери Россиянын Украинага ачкан согушун «эл аралык мыйзамдын бузулушу» деп мүнөздөп, чечкиндүүлүк менен каршы чыгуу тууралуу бирдей пикирге барышты.  

Япониянын тышкы иштер министри Хаяши  борбор шаар Токиого барган грек кесиптеши  Никос Дендиас менен жолугушуусунда эки тараптуу жана аймактык карым  - катнаштарды талкуулашты.

Жолугушууда эки министр Россиянын 24 - февралдагы Украинага каршы согушуна чечкиндүү түрдө каршы чыгуу боюнча  макулдашып, буга “эл аралык укуктун бузулушу” катары баа беришти.

Хаяши пресс  - жыйында Россиянын коңшусуна ачкан согуштун эл аралык тартиптин пайдубалына коркунуч туудурганын белгилеп, эл аралык коомчулукту буга каршы тилектештик көрсөтүүгө чакырды.

Министр Хаяши : «Фундаменталдык баалуулуктарды бөлүшкөн, бирдей пикирдеги  өлкөлөр мыйзамга негизделген, эркин жана ачык эл аралык тартипти сактоо жана өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү тереңдетет деп ишенем»,-  деди.

Дендиас да бир өлкөнүн көз карандысыздыгына каршы күч колдонууга каршы экендиктерин белгилеп, Япониянын Россия - Украина кризисине карата мамилесин колдогондорун айтты.

Дендиас Түндүк Кореянын акыркы мезгилде күчөгөн ракета сыноолорун катуу айыптап, мунун кабыл алынгыс экенин баса белгиледи.

Грек министри Япониянын премьер-министри Кишида Фумионун биринчи мүмкүнчүлүктө өлкөсүнө келишин күткөндөрүн белгиледи.

 



Тектеш кабарлар