Түштүк Африкада сел: 45 киши каза болду

Өлкөнүн эң чоң шаарларынын бири Дурбан жана айланасында нөшөрлөгөн жамгыр селге себеп болду.

1811513
Түштүк Африкада сел: 45 киши каза болду

Түштүк Африка Республикасынын чыгышындагы Квазулу-Натал облусунда болгон сел апаатында кеминде 45 адам каза тапты.

Өлкөнүн эң чоң шаарларынын бири Дурбан жана айланасында нөшөрлөгөн жамгыр селге себеп болду.

Квазулу Натал аймагынын кооперативдик башкаруу жана салттуу иштер боюнча Аткаруу кеңешинин мүчөсү Сипхо Хломука өзгөчө Дурбан шаарын каптаган сел апаатында кеминде 45 кишинин каза болгонун билдирди.

Түштүк Африканын металлургиялык кызматынын маалыматына караганда, акыркы 24 саатта Дурбан шаарынын айланасында бир чарчы метрге жаан-чачындын көлөмү 300 миллиметрге жетти.

Дурбандын мэри Мксолиси Каунда кызматкерлердин жана өрт өчүрүүчүлөрдүн аймактан чыга албай калган адамдарды куткаруу үчүн тынымсыз иштөөнү улантып жатканын билдирди.

Квазулу Натал аймагынын жетекчилиги, элди бийик жерлерге барып турууга чакырды.



Тектеш кабарлар