Россия Украинанын жоготуулары жана эвакуациялар тууралуу билдирди

Игорь Конашенков согуш башталгандан бери Украина армиясына таандык 130 учак, 99 тик учак жана 2153 танк менен бронетехниканын атылгандыгын  айтты.

1811519
Россия Украинанын жоготуулары жана эвакуациялар тууралуу билдирди

Россиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков Мариуполдо 1226 украин аскеринин багынгандыгын билдирди.

Конашенков : «Мариуполь шаарындагы Ильич атындагы металлургиялык заводдун аймагында орус аскердик бөлүктөрүнүн жана Донецк элдик республикасынын күчтөрүнүн ийгиликтүү аракеттеринин натыйжасында 36-деңиз бригадасына караштуу  1026 украин  аскеринин өз ыктыяры менен куралын таштап жана багынды. Аскерлердин арасында 162 офицер, 47 аял аскер бар»,-деди.

Конашенков жарадар болгон 151 украиналык аскерге тез жардам көрсөтүлүп, Мариуполь ооруканасына дарыланууга жөнөтүлгөнүн айтты.

Садовое жана Чуднов конуштарынын жанында түн ичинде деңизден жана абадан жогорку тактыктагы ракеталар менен украин армиясынын 2 чоң ракета жана артиллериялык кампаларынын жок кылынганын айткан Конашенков Миргород аскердик аба базасында экөөсү  Ми-24 жана экөөсү  Ми -8 болгон  4 аскердик тик учактын атылгандыгын  белгиледи.

Орус аба күчтөрүнүн Украинага таандык 46 аскердик объектини жок кылганын айткан Конашенков ракета жана артиллериялык бөлүктөрдүн техникалык унаалар, башкаруу борбору жана арсеналдардан турган 693 бутага сокку урганын маалымдады. 

Конашенков : «Ушул кезге чейин Украина армиясына таандык  130 учак, 103 тик учак, 244 абадан коргонуу ракеталык системасы, 447 учкучсуз учуучу аппарат, 2 миң 169 танк жана бронетранспортер, 243 көп стволдуу ракета аткычтар, 931 гаубица жана минометтор, 2 миң 76 жеке аскердик Игорь Конашенков согуш башталгандан бери Украина армиясына таандык 130 учак, 99 тик учак жана 2153 танк менен бронетехниканын атылгандыгын   билдирди.

Конашенков орус армиясынын Украинадагы  чабуулу тууралуу маалымат берди.

Орус аба күчтөрүнүн Украинага таандык 38 аскердик объекти жок кылганын белгилеген Конашенков булардын арасында Луганск жана Харьков аймактарында жайгашкан курал-жарактардын ​​да бар экенин айтты.

Очаков жана Николаев үстүнөн 2 учкучсуз учуучу аппаратты атып түшүрүшкөнүн билдирген Конашенков : «Ушул убакка чейин Украина армиясына таандык 130 учак, 99 тик учак, 244 абадан коргонуу ракеталык системасы, 445 учкучсуз учуучу аппарат, 2 миң 153 танк жана бронетехника, 241 көп стволдуу ракета аткычтар, 924 гаубица жана минометтор, 2 миң 63 атайын аскердик техникалар атылды»,- деди.

Бир тараптан Россиянын Коргоо министрлиги Украинада согуш башталгандан бери 765 миңден ашуун кишинин кооптуу аймактардан эвакуацияланганын билдирди.

Россиянын Коргоо министрлигинин Улуттук көзөмөл борборунун башчысы Михаил Мизинцев борбор шаар Москвада берген билдирүүсүндө, Украинада кагылышуулар уланып жаткан аймактардан жарандарды эвакуациялоону улантышканын айтты.

Украинанын Харьков жана Мариуполь багытында жарандардын эвакуацияланышы үчүн күн сайын гуманитардык коридорлордун ачылганын белгилеген Мизинцев Германия, Түркия жана Франциянын демилгелери менен Мариуполдон Бердянск шаарына кошумча коридорлордун түзүлгөнүн айтты.

Мизинцев акыркы 24 саатта Украинанын кооптуу аймактарынан 3 миң 482си бала болгон 25 миң 560 кишинин эвакуацияланганын айтып : «Учурда 765 миң 779 адам, анын ичинде 144 миң 105 бала эвакуацияланды. Мариуполдон чыгышка гуманитардык жардам коридорунан 136 миң 284 адам куткарылды. Алардын 625и акыркы 24 саатта куткарылды»,- деди.



Тектеш кабарлар