Псаки журналисттердин суроолоруна жооп берди

Басма сөз катчысы Псаки Орусиянын Украинанын Мариуполь шаарында химиялык курал колдонгону жөнүндөгү дооматтарга баа берди.

1811476
Псаки журналисттердин суроолоруна жооп берди

АКШ жетекчилиги Орусия Украинанын Мариуполь шаарында химиялык курал колдонгон деген дооматтарга этият мамиле жасады.

Ак үйдүн басма сөз катчысы Жен Псаки президент Жо Байдендин Айова штатына сапарын коштогон журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Украинадагы орус аскерлеринин өлкөнүн чыгышына топтоло баштаганын ырастаган Псаки: «Орусиянын Украинанын берки аймактарына абадан жана ракеталык сокку уруусун улантып, аскердик жана экономикалык зыян алып келишин күтүп жатыбыз. Анткени Орусиянын максаты - Украинаны мүмкүн болушунча алсыздандыруу. Жаңжалдын бул бөлүгү өтө узакка созулушу мүмкүн»,-деди.

Басма сөз катчысы Псаки Орусиянын Украинанын Мариуполь шаарында химиялык курал колдонгону жөнүндөгү дооматтарга да баа берип: «Биз муну азыркы этапта тастыктай албайбыз. Муну тастыктай турган эч ким жок»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар