Орусиянын Украинага кол салууларынын кесепеттери

Киев облустук полициясынын директору Андрей Небитов Telegram баракчасынан билдирүү жасады.

1811416
Орусиянын Украинага кол салууларынын кесепеттери

Орусиянын Украинага кол салууларынын себебинен Киевде набыт болгон жайкын тургундардын саны 720дан ашты, 200дөн ашуун жаран болсо дайынсыз жоголду.

Киев облустук полициясынын директору Андрей Небитов Украинанын Ички иштер министрлигинин Telegram баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө, Орусия кол салууларды баштаган 24-февралдан бери орус аскерлери тарабынан жасалган кылмыштарга байланыштуу 3000ден ашуун тергөө иштеринин башталганын кабарлады.  

Киев аймагында Орусиянын кол салууларынан улам каза болгондордун арасында сөөктөрү аныкталган жарандардын санынын 720дан ашканын белгилеген Небитов, 200дөн ашуун кишинин да дайынсыз жоголгондугун билдирди.

Бир тараптан Украинага согуш ачкан орус армиясы 19 миң 800 аскерин, 158 учагын, 143 тик учагын жана 739 танкын жоготту.

Украинанын Башкы штабы орус армиясынын 24-февралдан 13-апрелге чейинки жоготуулары тууралуу маалыматты жарыялады.

Буга ылайык, Украинага кол салган орус армиясынан 19 миң 800 аскер өлтүрүлүп, 158 орус учагы, 143 тик учак, 739 танк, 1964 бронетехника, 358 замбирек, 115 ракета атуу системасы жана 64 абадан коргонуу системасы жок кылынды.

Орус күчтөрү ошондой эле 1429 унаа, 7 кеме жана ылдам жүрүүчү жеңил кайык, 76 күйүүчү май ташуучу унаа жана 132 учкучсуз учуучу аппаратынан ажырады.

Орусиянын Коргоо министрлигинин 25-марттагы билдирүүсүндө, Украинада 1351 орус аскеринин каза болгондугу кабарланган.



Тектеш кабарлар