Кремль: "Байдендин Орусияга каршы “геноцид” айыптоосу кабыл алынгыс"

Песков күн тартибиндеги маселелер боюнча журналисттерге маалымат берди.

1811890
Кремль: "Байдендин Орусияга каршы “геноцид” айыптоосу кабыл алынгыс"

Орусиянын Президенттик сарайы Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков, АКШнын президенти Жо Байдендин Орусияга каршы Украинада «геноцид» айыптоосунун «абалды бурмалоо жана кабыл алынгыс» деп билдирди.

Песков күн тартибиндеги маселелер боюнча журналисттерге маалымат берди.

Украинада кармалган орусиячыл оппозициялык партиянын лидери Виктор Медведчукту туткундагы украин аскерлери менен алмаштыруу маселесине токтолгон Песков, Медведчуктун орус жараны эместигин эске салды.

Песков аты аталган саясатчынын Украинадагы согушка эч кандай тиешеси жок экенин белгиледи.

Байдендин Орусиянын Украинадагы кыймылдары үчүн "геноцид" деген дооматына каршылык көрсөткөн Песков: «Биз кырдаалды бурмалоо аракеттерин кабыл алынгыс деп эсептейбиз. Анын үстүнө бул заманбап жана жакынкы тарыхта белгилүү иштерди жасаган өлкө болгон АКШ үчүн кабыл алынуучу абал эмес»,-деп айтты.

АКШнын президенти Жо Байден Орусиянын президенти Владимир Путиндин Украинада “геноцид” жасаганын билдирген эле. 

Песков, Орусиянын сүйлөшүүчү тобунун башчысы Владимир Мединскийдин Украина менен уланып жаткан сүйлөшүүлөрдө унчукпай калганына байланыштуу болсо: «Маалыматтар келип түшкөндө жана кырдаал ачыкка чыкканда билдирүүлөр айтылат. Азыр айта турган эч нерсе жок. Мединский бул багытта абдан талыкпай эмгектенип жатат»,-деди.

 



Тектеш кабарлар