Болгария өлкөгө кирүүдө вакцина сертификатын көрсөтүү мажбурдуулугун жойду

Саламаттыкты сактоо министри Асена Сербезова билдирүүсүндө Түркиядан тышкары Түндүк Македония, Румыния, Сербия, Венгрия, Чехия, Словакия, Израил жана Египеттен келгендердин Ковид-19 вакцина сертификатынан бошотула турганын айтты.

1811594
Болгария өлкөгө кирүүдө вакцина сертификатын көрсөтүү мажбурдуулугун жойду

Болгариянын Саламаттыкты сактоо министрлиги бүгүнтөн тарта Түркиядан өлкөгө киргендердин Ковид-19 эмдөө сертификатын көрсөтүү мажбурдуулугун жойду.

Саламаттыкты сактоо министри Асена Сербезова билдирүүсүндө Түркиядан тышкары Түндүк Македония, Румыния, Сербия, Венгрия, Чехия, Словакия, Израил жана Египеттен келгендердин Ковид-19 вакцина сертификатынан бошотула турганын айтты.

Сербезова жарлык менен НАТОнун союздаш өлкөлөрүнөн өлкөдө ар кандай эл аралык изилдөөлөргө катыша турган адамдардын Ковид - 19 вакцина сертификатын көрсөтпөй турганын айтты.

Болгарияда мындан  мурда жарыяланган Ковид-19га байланыштуу "Өзгөчө эпидемиялык абал" 1-апрелден тарта жоюлду.



Тектеш кабарлар