Ливияда мигранттарды ташыган кайык чөгүп кетти

Чөккөн кайыкта кеминде 20 кишинин болгону, 14 кишини издөө иштери уланып жатканы белгиленди.

1810964
Ливияда мигранттарды ташыган кайык чөгүп кетти

Ливиянын Сурман шаарынын жээктеринде мыйзамсыз мигранттарды ташыган кайыктын чөгүп кетишинен 4 киши каза болду.

Эл аралык миграция уюмунун (IOM) Ливия директорлугунун социалдык медиа эсеби Твиттерде жасалган жазуу түрүндөгү билдирүүдө, чөккөн кайыкта кеминде 20 кишинин болгону, 14 кишини издөө иштери уланып жатканы кабарланды. 

2 мигранттын болсо куткарылып ооруканага жеткирилгени баса белгиленди.

IOM быйылкы жылдын башынан бери кеминде 475 мыйзамсыз мигранттын Жер Ортолук деңизинин борбордук бөлүгүнөн өтүүгө аракет кылып жатканда каза болгонун билдирди.



Тектеш кабарлар