Евробиримдик биринчи жолу Бразилиядагы шайлоого "байкоочу" болууга чакырылды

Бразилиянын шайлоо органы октябрда боло турган президенттик шайлоого чакыруунун "шайлоо системасынын ачыктыгын жогорулатуу жана кызматташтыкты мүмкүн кылууну" максат кылганын белгиледи.

1810938
Евробиримдик биринчи жолу Бразилиядагы шайлоого "байкоочу" болууга чакырылды

Евробиримдик (ЕБ) биринчи жолу Бразилиядагы шайлоого “байкоочу” болууга чакырылды.

Бразилиянын шайлоо органы октябрда боло турган президенттик шайлоого чакыруунун "шайлоо системасынын ачыктыгын жогорулатуу жана кызматташтыкты мүмкүн кылууну" максаттаганын белгиледи.

Евробиримдиктен тышкары, буга чейин Бразилиядагы шайлоолорго байкоо жүргүзгөн башка топтор, анын ичинде Америка мамлекеттеринин уюму жана Португал тилдүү өлкөлөрдүн коомчулугу менен сүйлөшүүлөрдүн уланып жатканы кабарланды.

Октябрдагы президенттик шайлоодо кайрадан шайлануу үчүн талапкер боло турган президент Жаир Болсонаро, шайлоо органы мурдагы президент жана атаандашы Луис Инасио Лула Да Силвага артыкчылыктарды берип жатат деп айыптоодо.

Болсонаро ошондой эле электрондук добуш берүү системасын ишенимсиз деп сындап жатат.



Тектеш кабарлар