Буркина-Фасодо кайрадан өзгөчө кырдаал жарыяланат

Адилет министри Бартелеми Кере басма сөзгө билдирүү жасап, 24-январдагы аскердик төңкөрүштөн кийин токтотулган өзгөчө кырдаал режиминин өлкө боюнча кайрадан киргизилерин кабарлады.

1810973
Буркина-Фасодо кайрадан өзгөчө кырдаал жарыяланат

Буркина-Фасодо терроризмге каршы күрөштүн алкагында өлкө боюнча өзгөчө кырдаал жарыяланат.

Адилет министри Бартелеми Кере басма сөзгө билдирүү жасап, 24-январдагы аскердик төңкөрүштөн кийин токтотулган өзгөчө кырдаал режиминин өлкө боюнча кайрадан киргизилерин кабарлады.

Кере өзгөчө абалдын ишке ашырылышы үчүн жаңы жарлык чыгарыла турганын, мунун террор менен дагы эффективдүү күрөшкө шарт түзөрүн белгиледи.

Коңшу Малидеги "Аль-Каида" жана ДЕАШ менен байланышы бар террордук топтор 2015-жылдан бери Буркина-Фасонун түндүгүндө жана чыгышында тез-тез кол салууларды жасап келишет.

Өкмөттүн маалыматына караганда, 2015-жылдан 2021-жылдын декабрына чейин 600ү коопсуздук күчтөрү болгон жалпы 2000 адам кол салууларда каза тапты.

Кол салуулардан улам 3 миң 683 мектеп жабылып, 1 миллион 814 миң 283 киши үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болду.



Тектеш кабарлар