Орусия: «Европадан Украинага жеткирилген С-300 ракетадан коргонуу комплексин аттык»
Конашенков 24-февралдан бери Украинада жүрүп жаткан согушта орус армиясынын кыймыл-аракети тууралуу маалымат берди.

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков, Украинага Словакия тарабынан берилген С-300 абадан коргонуу ракета системасын кызматкерлери менен бирге деңизден жогорку тактыктагы «Калибр» ракеталары менен аткандарын билдирди.
Конашенков 24-февралдан бери Украинада жүрүп жаткан согушта орус армиясынын кыймыл-аракети тууралуу маалымат берди.
Украинада кечээ буталарга каршы жогорку тактыктагы куралдар колдонулганына көңүл бурган Конашенков:«Днепр аймагынын түштүк четиндеги бир европалык мамлекет тарабынан Киев режимине жеткирилген ангарда катылган С-300 абадан коргонуу ракеталык системасынын батальону деңизден жогорку тактыктагы «Калибр» ракеталары менен атылып жок кылынды. Төрт С-300 аткычтары жана Украинанын куралдуу күчтөрүнүн 25тей кызматкери атылды»,-деди.
Түнү бою абадан жогорку тактыктагы ракеталар менен Великая Новоселовка конушунун жанында жайгашкан «Бук-М1» жана «Оса-АКМ» абадан коргонуу ракеталык комплекстери менен кошо Украина армиясынын курал-жарак жана курал оңдоочу базасын жок кылганы тууралуу маалымат бөлүшкөн Конашенков, Николаев жана Йовтневоеде 2 арсенал Успеновки аймагында да С-300 системасын жетектөө үчүн колдонулган радардын жок кылынганын белгиледи.
Конашенков Донецк аймагындагы Воздивиженка жана Ивановка жакындарынан 9 танк, 5 гаубица жана 5 Град көп стволдуу ракета аткычтарын жогорку тактыктагы куралдар менен атышканын билдирди.
Украина армиясына таандык 2 «Су-25» согуштук учагынын Изюм шаарына жакын жерде атып түшүрүлгөнүн белгилеген Конашенков, Украина армиясынын 78 аскерий элементинин жок кылынганын айтты.
Конашенков:«Ушул убакка дейре украин армиясына таандык 129 учак, 99 тик учак, 243 абадан коргонуу ракеталык системасы С-300, Бук-М1 жана Оса АКМ, 441 учкучсуз учуучу аппарат, 2 миң 79 танк жана бронетехника, 239 көп стволдуу ракета аткычтар, 909 гаубицалар жана минометтор, 2003 жеке аскердик унаа жок кылынды»,-деп айтты.
Өткөн жумада Словакиянын премьер-министри Эдуард Хегер Украинага С-300 абадан коргонуу ракеталык комплексин жеткирип жатышканын жарыялаган.