Израиль Батыш Шерианын түндүгүнө дубал курууну бекитти

Израиль өкмөтүнөн берилген жазуу түрүндөгү маалыматта премьер-министр Нафтали Беннетт менен министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн Израилде акыркы убакта болгон куралдуу кол салууларды жана коопсуздук күчтөрүнүн иштерин талкуулаганы белгиленди.

1810401
Израиль Батыш Шерианын түндүгүнө дубал курууну бекитти

Израиль өкмөтү оккупацияланган Батыш Шерианын түндүгүндө 40 чакырым узундуктагы дубал куруу үчүн болжол менен 110 миллион долларлык бюджетти бекитти.

Израиль өкмөтүнөн берилген жазуу түрүндөгү маалыматта премьер-министр Нафтали Беннетт менен министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн Израилде акыркы убакта болгон куралдуу кол салууларды жана коопсуздук күчтөрүнүн иштерин талкуулаганы белгиленди.

Израилдин коргоо министри Бенни Ганц тарабынан сунушталган долбоордун кабыл алынганы белгиленген билдирүүдө, Батыш жээкти бойлото созулган коопсуздук (бөлүү) дубалында зым тосмолор менен бөлүнгөн бөлүгүн кошкондо 40 чакырымдык аянтка коопсуздук дубалын куруу үчүн 110 миллион долларлык бюджетти министрлер кабинетинин бир добуштан бекиткени билдирилди.

Оккупацияланган Батыш Шериа менен Кудстун ортосунда курулушу 2003-жылы башталган, болжол менен 700 километр узундуктагы жана кээ бир жерлерде бийиктиги 5 метрге жеткен бетон дубалдын боюнда көп сандаган Израилдин аскердик көзөмөл пункттары бар.

Бирок бул бетон дубалдын кээ бир алсыз тосулган бөлүктөрү Израилде мыйзамсыз жумушчу болуп иштөөнү каалаган палестиналыктар тарабынан колдонулат.



Тектеш кабарлар