Украина орус армиясынын жоготуулары, эвакуациялар жана Буча тууралуу билдирди
Украинанын Башкы штабы 24 - февралдан 9 - апрелге чейин орус армиясынын жоготуулары тууралуу маалымат жарыялады.
Украинага кол салган орус армиясынын 19 миң 100 аскери каза болуп, 151 учак, 136 тик учак, 705 танк, 1895 бронетехника, 335 мылтык, 108 ракета атуу системасы жана 55 абадан коргонуу системасы жок кылынды.
Украинанын Башкы штабы 24 - февралдан 9 - апрелге чейин орус армиясынын жоготуулары тууралуу маалымат жарыялады.
Буга ылайык орус күчтөрү 1363 унаа, 7 кеме жана жеңил ылдамдыктагы кайык, 76 күйүүчү май ташыган унаа жана 112 учкучсуз учуучу аппаратын жоготту.
Украинанын вице – премьер - министри Ирина Верещук кечээ 6665 жарандын гуманитардык жардам коридорлору аркылуу коопсуз аймактарга эвакуацияланганын билдирди.
Верещук өткөргөн брифингде 8 - апрелде гуманитардык жардам коридорлору аркылуу жасалган эвакуацияларга байланыштуу маалымат берди.
Орус күчтөрүнүн блокадасында турган Мариуполь жана Бердянсктан 5 миң 158 жарандын автобус жана өз унаалары менен Запорожьеге барганын белгилеген Верещук, алардын 1614ү Мариуполдон, 3544ү Запорожье облусунун ар кайсы шаарларынан экендигин айтты.
Верещук ошондой эле кечээ Луганск облусундагы Лисичанск, Северодонецк, Рубежное, Кременная жана Горское конуштарынан 1507 адамдын эвакуацияланганын билдирди.
Верешчук бүгүн жарандардын эвакуацияланышы үчүн 10 гуманитардык коридор боюнча келишим түзүлгөнүн жарыялады.
Верещук Telegram эсебинен жасаган билдирүүсүндө, кагылышуу болгон аймактардагы жарандардын бүгүн 10 коридор аркылуу коопсуз аймактарга өтө ала турганын айтты.
Мариуполдон Запорожьеге барууну каалагандардын өз унаалары менен гана өтө ала турганын айткан Верещук, эвакуация үчүн Бердянскка болсо автобус жөнөтө тургандарын белгиледи.
Верещук, Токмак, Энергодар жана Мелитополь шаарларынан Запорожьеге өтүүнү каалагандар үчүн гуманитардык коридорлордун ачык болорун, орус аскерлери ок атышууну токтотсо Луганск аймагындагы коридорлордун иштей турганын жарыялады.
Мариуполь шаарынын мэри Вадим Бойченко да 31 миң жарандын орус аскерлери тарабынан Россияга күч менен алып барылгандыгын белгиледи.
Бойченко жергиликтүү телеканалга жасаган билдирүүсүндө Мариуполдон 31 миң жарандын орус күчтөрү тарабынан Россияга же «Донецк Эл Республикасына» күч менен алып барылгандыгын белгилеп, колдорунда күч менен алынган адамдардын так тизмеси бар экенин айтты.
Ал жерде бул адамдардын ар кандай кемсинтүүлөргө кабылганын белгилеген Бойченко, орус бийлигинин аларга катаал мамиле кылганын, манжа издери алынганын жана ар кандай документтерге кол коюуга мажбурланганын белгиледи.
Мариуполь аймагында бир гана Бердянск-Запорожье гуманитардык коридорунун иштеп жаткандыгын, бул жол аркылуу адамдардын коопсуз аймактарга эвакуацияланганын белгилеген Бойченко Мариуполдон 95 миң жарандын жогоруда айтылган коридор аркылуу Запорожьеге жеткирилгенин сөздөрүнө кошту.
Бир тараптан Киев облустук полициясынын башчысы Андрей Небитов Бучадагы массалык көрүстөндө табылган 40 адамдын сөөгү жарандарга таандык экенин айтты.
Небитовдун билдирүүсүндө, Киев облусунун полициясы кечээ орус аскерлери тарабынан өлтүрүлгөн жарандар көмүлгөн эң чоң массалык көрүстөндөрдүн биринде иликтөө иштерин жүргүзгөндугу маалымдалды.
Небитов Бучадагы массалык көрүстөндө табылган 40 кишинин сөөгүнүн эч кандай каршылык көрсөтпөгөн жарандарга таандык экенин баса белгиледи.