АКШ тарыхында биринчи жолу кара терилүү аял Жогорку Соттун судьясы болду

Кетанжи Браун Жексон Америка Кошмо Штаттарынын  тарыхында Жогорку Соттун биринчи кара терилүү аял судьясы болду.

1809370
АКШ тарыхында биринчи жолу кара терилүү аял Жогорку Соттун судьясы болду

Кетанжи Браун Жексон Америка Кошмо Штаттарынын  тарыхында Жогорку Соттун биринчи кара терилүү аял судьясы болду.

АКШ Сенатынын Башкы ассамблеясында өткөрүлгөн добуш берүүдө 47 сенатор «каршы» добуш берсе, 53 сенатор «кабыл»  добуш берди.

АКШнын президенти Жо Байден тарабынан Жогорку Соттун судьялыгына көрсөтүлгөн жана соттун 233 жылдык тарыхында бул кызматты аткарган биринчи кара терилүү аял болгон Жексон тарыхый ийгиликке жетишти.

Жексон 50 демократ сенатордун добушунан тышкары, республикачыл сенаторлор Сюзан Коллинз, Лиза Мурковски жана Митт Ромнинин добуштарын алды.

Судья Стивен Брейердин пенсияга чыгуу тууралуу  билдирүүсүнөн кийин Байден тарабынан сунушталган Жексондун кыска убакыттын ичинде Жогорку Соттун судьясы катары ант берүүсү күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар