Израиль полициясы палестиналыктарды камакка алды
Ооз ачкандан кийин миңдеген палестиналык Эски Шаардын символдук кирүү дарбазасы болгон Дамаск дарбазасынын айланасында чогулду.
Израиль полициясы оккупациядагы Чыгыш кудстагы Дамаск дарбазасынын алдында чогулган палестиналыктардан 5 кишини камакка алды. Оккупациядагы Чыгыш Кудста Израиль полициясы жана палестиналыктардын ортосундагы чыңалуу улантылууда.
Ооз ачкандан кийин миңдеген палестиналык Эски Шаардын символдук кирүү дарбазасы болгон Дамаск дарбазасынын айланасында чогулду.
Палестинанын расмий кабар агенттиги WAFAнын кабарына караганда Израиль полициясы басып алынган Чыгыш Иерусалимде «макдиси» деп аталган туруктуу жашоо статусуна ээ 5 палестиналыкты кармады.
Израилдин Коомдук телерадио мекемеси KAN Дамаск дарбазасынын айланасында болгон окуяларда Израиль полициясынын төрт кишини камакка алганын жарыялады.
Кээ бир палестиналыктар менен Израил полициясынын ортосунда оозеки айтышуулар болду.
Израил полициясы палестиналыктарга союл менен кийлигишти.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.