Германияда согушка каршы нааразылык акциясы

Миңдеген киши Орусиянын 24-февралда Украинага каршы баштаган согушуна нааразылык билдиришти.

1808488
Германияда согушка каршы нааразылык акциясы

Германиянын борбору Берлинде миңдеген адамдар Украинадагы согушка каршы демонстрацияга чыгышты.

Ар түрдүү украин топторунун чакыруусу менен миңдеген киши Федералдык парламенттин алдындагы аянтка чогулуп, Орусиянын 24-февралда Украинага каршы баштаган согушуна нааразылык билдиришти.

Демонстранттар "Согушту токтоткула", "Жымжырттык - зомбулук болуп саналат", "Москвага акча жок", "Ачулануунун ордуна эмбарго" жана "Украинаны Европа Биримдигине киргизгиле" деген жазуулар менен украин желегин көтөрүп жүрүштү.

Митингде айтылган сөздөрдө жана ураандарда, Германия жана берки Европа Биримдиги (ЕБ) өлкөлөрүнөн Орусияга эмбарго киргизүү, Орусия менен газ жана мунай соодасын токтотуу талабы коюлду.

Айрым демонстранттар Украинадагы окуяларга көңүлдөрдү буруу үчүн беттерине кызыл боек сыйпап, колун ак скотч менен байлашты.

Демонстранттар Украинанын ар кайсы аймактарында каза тапкандарды өкүлдүк кылуу үчүн акция өткөрүлгөн аянтта жерге жатышты.



Тектеш кабарлар