Дуда: "Путинге оор эмбарго киргизилиши керек"

Дуда CNN телеканалына берген маегинде, Украинага согуш жарыялаган Орусиянын президенти Владимир Путиндин токтотулушу керектигин айтты.

1808797
Дуда: "Путинге оор эмбарго киргизилиши керек"

Польшанын президенти Анджей Дуда, Орусиянын Украинада согуш кылмыштарын жасаганын жана Польшага ыктымалдуу коркунуч туудурганын билдирип: "(Орусиянын президенти Владимир) Путин оор эмбарголорго дуушар болушу керек",-деди.

Дуда CNN телеканалына берген маегинде, Украинага согуш жарыялаган Орусиянын президенти Владимир Путиндин токтотулушу керектигин айтты.

Орусиянын Украинадагы кыймылдарынын жана согуш кылмыштарынын «геноцид» критерийлерине туура келгенин жактаган Дуда, Путиндин согуштан мурда Украина тууралуу айткандарынын кыргындарды жасоого шылтоо болгонун белгиледи.

Орусиянын 2014-жылы Украинага, 2008-жылы Грузияга кол салганын эске салган Дуда, Путин менен диалогдун мааниси жок экенин баса белгиледи.

Орусиянын Польшага да коркунуч туудурганын билдирген Дуда: "Менин оюмча, Польшага Орусия потенциалдуу коркунуч жаратып жатканынан эч ким күмөн санабайт. Владимир Путин дагы да катаал эмбарголорго дуушар болушу керек. Жыйынтыксыз диалогду улантуу бул жөн гана убакытка каршы оюн»,-деди.



Тектеш кабарлар