Австрия төрт орус дипломатын өлкөдөн депортациялоо чечимин чыгарды

Билдирүүдө бул адамдардын чалгын иштерине аралашканы жана өлкөдөн чыгып кетүүлөрү талап кылынганы кабарланды.

1808771
Австрия төрт орус дипломатын өлкөдөн депортациялоо чечимин чыгарды

Австрияда кызмат кылган төрт орус дипломатынын Вена келишимин бузган деген жүйө менен депортациялоо чечими чыгарылды.

Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, төрт орус дипломатынын Вена конвенциясына туура келбеген мамиле жасаганы айтылды. 

Билдирүүдө бул адамдардын чалгын иштерине аралашканы жана өлкөдөн чыгып кетүүлөрү талап кылынганы кабарланды. 

Украинанын Буча шаарындагы жайкын тургундардын өлүмүнөн улам өткөн аптада 180ден ашуун орус дипломаты Европадан чыгарылса, туруктуу бейтараптык статусуна ээ Австрия да дипломаттарды чыгарган өлкөлөрдүн тизмесине кошулду.

Орусия-Украина согушу башталган 24-февралдан бери Европанын 15ке жакын өлкөсү 330дан ашуун орус дипломатын өлкөдөн чыгарды.



Тектеш кабарлар